Кеминде автоунаа дарыяга кулап, эки адам каза болду
Чүй облусунун Кемин районунда “ГАЗ-53” үлгүсүндөгү автоунаа Чоң-Кемин дарыясына кулап, андагы эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык 22-ноябрга караган кечте болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдардын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Каза болгондордун экөө тең эркек, 41-42 жаштагы жарандар экени такталды. Автоунаада башка адам болгон эмес. Баштапкы маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Читать дальше...