Чек арада жаракат алган тажик аскери көз жумганы кабарланды
Тажикстанда Кыргызстан менен чек арада жарадар болгон 22 жаштагы аскер Окилжон Одиназода көз жумганын “Озоди” радиосу жазды. Маркум 15-ноябрда туулуп-өскөн айылына коюлду. Одиназода былтыр жазында армияга чакырылып, Исфарадагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп келген. Сентябрда чек арадагы куралдуу кагылышуу маалында оор жараат алгандан кийин эки ай ооруканада жаткан. 14-17-сентябрдагы жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алды. Чек арадагы кан төгүлгөн окуя үчүн эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган. Читать дальше...