World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Июнь
2023

Новости за 01.06.2023




Azattyk.org 

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Ташиевге кайрылып, жубайын бошотууну талап кылды

Абактагы оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду. Жубайы, камакка алынган Салкынай Алимбаеваны бошотууну талап кылды. Саясатчынын кайрылуусунун текстин жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева  “Азаттыкка” жиберди. Равшан Жээнбеков анда Ташиевге Балдарды коргоо күнүнө карата кайрылып жатканын, азыркы бийлик балдарды коргошу керектигин, бирок анын жашы жете элек кызы кароосуз калганын белгилеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош: "Казак" кантип үй камагына чыкты?

Ошто кармалган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, буга чейин 16 жолу соттолгон жана "Казак" каймана аттуу Умар Маратов миллион сом күрөө менен үй камагына чыкты. 28-майдын кечинде кармалган Маратовдун бөгөт чарасы алгач эки ай деп чыгарылган.

Azattyk.org 

Күрөш: Бишкектеги эл аралык мелдеште Махмудов, Кадыров коло байге алды

Бишкекте Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандык балбандар Дастан Кадыров жана Бексултан Махмудов коло байгеге ээ болушту. Грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта күч сынашкан Кадыров коло байге үчүн таймашта дагы бир кыргызстандык Баяман Каримовду утту. 3-орун үчүн беттешке чейин Кадыров алгач чейрек финалда казакстандык Ернур Фидахметовду утуп, жарым финалда өзбекстандык Шермухаммад Шарибжановго жеңилген эле. Күрөштүн ушул... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда тажик мигранттарына басым-кысым күчөдү

Орусия Уркраинанын борбору Киев шаарына чабуулун улантып жатат. Бейшембиде урган соккудан үч адам набыт болду. Эми Жогорку Кеңештин депутаттарына кылмыш ишин козгоодо парламенттин уруксаты кереги жокпу? Конституциялык соттун чечими талкууга түштү. Милиция Ошто кармаган “Казак” деген каймана атка конгон кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовду сот кайра үй камагына чыгарды. Ал соңку бир жылдын ичинде үчүнчү ирет үй камагына чыгарылып жатат.

Azattyk.org 

Бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоо өтөбү?

28-майда Бишкектеги Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо болуп, алдыга чыккан Дамира Ниязалиева милицияга суракка чакырылса, штабында иштеген эки адам камакка алынды. Шайлоодо экинчи келген Улан Сариевге УКМК добуш сатып алуу фактысы менен кылмыш ишин козгоду.

Azattyk.org 

Иранда май айында кеминде 142 кишинин өлүм жазасы ишке ашырылды

Норвегияда жайгашкан Ирандагы адам укуктарына көз салган уюм (IHR) май айында Ислам жумуриятында бери дегенде 142 кишинин өлүм жазасы ишке ашырылганын билдирди. Сегиз жылдан бери биринчи жолу бир айда ушунча көп киши соттун өкүмү менен дарга асылды. 1-июнда жарыяланган маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери 307 киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул – былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 76% көп. Укук коргоочу уюмдун жетекчиси Махмуд Амири-Могхаддам мунун себебин бийликтин нааразылык акцияларын алдын алуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Билим берүү министри мектептерде акча чогултууга тыюу салды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 1-июнда “Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Буйрук президенттин жарлыгынын алкагында чыгарылган. Анда 1-11-класстардын окуучуларынын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын алдында коомдук фонддорду жана башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салынды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Мадумаровду жоопко тартууга уруксат береби?

Башкы прокуратура оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады. Мадумаровго төрт берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Мындай жол менен бийликтин башкы оппонентине айланган саясатчыны жоопкерчиликке тартуу маселеси кайрадан парламенттин колунда турат.

Azattyk.org 

Кыргызстанда жылуулук жана ысык суунун тарифи көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-июндан тартып жылуулукка жана ысык сууга тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика минмистрлигинин Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин сайтында кабарланды. Тиешелүү буйрук 31-майда чыккан, сайтка 1-июнда жарыяланды. Документке ылайык, жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1134 сомдон 1248 сомго көтөрүлдү. Өндүрүштүк, бюджеттик объектилер жана башка керектөөчүлөр үчүн 1802 сомдон 2052 сомго кымбаттады. Ысык суунун 1 гигакалориясы (Гкал)... Читать дальше...

Azattyk.org 

ФСБ орусиялык дипломаттардын телефондоруна хакердик чабуул болгонун билдирди

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) орусиялык дипломаттардын миңдеген телефону хакердик чабуулга туш болгонун билдирди. Маалыматка караганда, Орусиянын НАТОго мүчө өлкөлөрдөгү, Израил, Сирия жана Кытайдагы дипломатиялык миссияларында иштеген кызматкерлердин айфондоруна вирус таратылган. Атайын кызмат буга чейин белгисиз программа iOS операциялык системасындагы коддордун талылуу жерлерин пайдаланган деп эсептейт. ФСБ чабуул үчүн АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигин айыптады. Мындай окуя... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казак парламенти Орусиядан мыйзамсыз ташылган буудай маселесин көтөрдү

Казакстан парламентинин сенатында Орусиядан «жасалма документтер» менен буудай мыйзамсыз алынып келгени айтылды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады. Басылма депутат Андрей Лукиндин “тиешелүү документсиз жана салык төлөбөстөн” буудай алып кирүүнүн схемасы калыптанганы тууралуу айтканын жазды. Сенатор арпа-буудайды Казакстандыкы деп экспортоо менен орусиялык жана жергиликтүү ишкерлер жеңилдетилген салык схемаларын пайдаланарын белгиледи. Палатанын пленардык жыйынында депутат Орусияга салынган сакнцияларды эске алганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутатка иш козгоого макулдук маселеси талкуу жаратты

Депутатка кылмыш ишин козгош үчүн "парламенттин макулдугу зарыл эмес" деген маселе 1-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Конституциялык соттун мындай түшүндүрмөсү бир апта мурда жарыяланган. Соттун позициясын колдогондор муну менен депутаттын кол тийбестигине коркунуч жаралбай турганын, Конституциялык сот мыйзамдуу чечим кабыл алганын айтышса, айрымдар Кыргызстандагы азыркы саясий-укуктук шартта парламенттин таптакыр көз каранды органга айлануу коркунучу бар экенин белгилеп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Байсалов Конституциялык соттун депутатка иш козгоо тууралуу түшүндүрмөсүн колдоду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасында Конституциялык соттун депутатка иш козгоо боюнча түшүндүрмөсүн туура деп эсептерин жазды. "Конституциялык сот Конституцияны коргоого алды. Жогорку Кеңеш жаңы регламентинин 138-беренесине "Депутатка иш козгоо үчүн ЖКнын көпчүлүгүнүн макулдугу керек" деген норма жазып алган, ал эми Конституциянын 78-беренеси көпчүлүктүн макулдугу депутатты жоопко тартуу үчүн гана керектигин талап кылат", - деп жазды. Жогорку... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын оторчулук оюнунан кантип кутулабыз?

Прага шаарында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген активисттер, изилдөөчүлөр жана журналисттер чогулуп, Орусиянын оторчулук саясатынын таасиринен арылуу же деколонизация маселесинин күңгөй-тескейин талкуулашты.

Azattyk.org 

Красногорскиде 50 чакты тажик мигранты кармалганы маалымдалды

Орусиянын жер-жеринде тажик мигранттарын кармоо, басым-кысымга алуу уланууда. Бул тууралуу маалымдаган “Озоди” радиосу 1-июнда болгон окуянын видеосун жарыялады. Маалыматка караганда, Красногорск шаарындагы курулуштардын биринде 50 чакты тажик жараны кармалды. Социалдык тармактардын колдонуучулары редакцияга салган дагы бир видеодо полиция көмкөрөсүнөн жерде жаткан мигранттарды сабаганын көрүүгө болот. Видеону тарткан адамдар өздөрүн тажик мигранттары деп атаган жана ал окуялар акыркы күндөрдө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусиянын вице-спикери кызы АКШга барганы, өзү Францияда окуганы үчүн кечирим сурады

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Пётр Толстой кызынын АКШга барганы, өзү Францияда окуганы үчүн эл алдында кечирим сурады. Депутат муну «коркунучтуу, глобалдык күнөө» деп атады. Мындай билдирүүнү Толстой «Россия 1» телеканалындагы программада жасады. Кызы Дарьянын АКШга эки апталык сапары мектептеги тажрыйба алмашуу учурунда болгонун кошумчалады. Вице-спикердин айтымында, аны ошондон бери сындап келатышат. 2021-жылы Толстойдун кызынын абройлуу Йель университетиндеги окуусу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Салык кызматы товар жеткирүүнү навигатор менен көзөмөлдөй баштады

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы Казакстан менен Орусияга темир жол жана автоунаа аркылуу жүк ташууда электрондук навигациялык пломбалар менен көзөмөлгө алган пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, аталган эки өлкөгө товар жеткирип бараткан транспортко "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" көзөмөл-бекеттеринде салык кызматкерлери электрондук навигациялык мөөр басышат. Товар тиешелүү жерге жетип, түшүрүлгөн соң Казакстан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Еврошаркет Косоводогу кризисти талкуулайт

Европа биримдигинин лидерлери Косоводогу кырдаалды талкуулаганы жатат. 1-июнда жергиликтүү сербдер кайрадан Зубин Поток жана Звечан шаарларында чогулушту. 29-майда ал аймактарда кагылышуулар болгон. Бул ирет мурдагы күндөргө караганда азыраак киши келди. Косоволук сербдер жакында шайланган мэрлердин иштөөсүнө каршы болууда. Алар добуш берүүнү бойкоттогон. Молдовадагы саммитте Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел Сербиянын жана Косовонун президенттери Александр Вучич жана Вьоса Османи менен маселени талкуулайт деп кутүлүүдө.

Azattyk.org 

Эрдоган президент Жапаровду инаугурациясына чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапар менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-июнда кабарлады. Анда кыргыз президенти Эрдоганды шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, тараптар кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды. 29-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Эрдоган жеңип, добуштардын 52,14% алды. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек пайда болгонун билдирди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде унаалардын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 1-июнда билдирди. Мекеме чек арадагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатканын, кезектин пайда болушу азык-түлүктөрдү сыртка ташуунун көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирди. “Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта. Жогорку Кеңештин 1-июндагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Орусия куруп бере турган мектептердеги тил маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Орусия куруп бере турган орус тилдүү мектептердеги кыргыз тил маселесин көтөрдү. Ал долбоорду колдой турганын, бирок тил маселесин дыкат ойлонуп чечим чыгарууга чакырды. “Келечекте маселе жаралбашы үчүн кандай шарт киргизип жатасыңар? Мектеп куруп берем десе эле “ураалап” кетип калбашыбыз керек. Кыргыз тилин дагы унутпашыңар керек. Ошол маселени кандай чечип жатасыңар”, - деп суроо салды. Жыйында баяндама жасаган билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков учурда “Кыргыз тили"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт

2-июнга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31; Талас аймагында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ: Өкүлдөр палатасы мамлекеттик карыздын чегин көтөрүүнү жактырды

АКШнын Өкүлдөр палатасы мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Мындай кадам өлкө дефолт коркунучуна кептелбеши үчүн жасалды. Бул тууралуу “Америка добушу” радиосу маалымдады. Сунушту 314 конгрессмен колдоп, 117си каршы болду. Арасында эки партиянын тең өкүлдөрү бар, бирок республикачылар үстөмдүк кылат. Конгресс белгилеген 31 триллион доллар деген чекке өлкө быйыл январда жеткен. Мындан кийин Каржы министрлиги чыгымдарды жабуу үчүн карыз алуу укугунан ажыраган. Читать дальше...



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



103news.com — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Не нравится, не хотите слышать — не читайте, читаете — будьте взаимно вежливы и корректны в своих высказываниях. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — обозреватель новостей. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. 103news.com — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от 123ru.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе


103news.com — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 103news.com.

Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.



103news.com — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.

Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.







103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Выставка «Фотографиня Городецкая» открылась в Нижнем Новгороде

Шойгу представили перспективные БПЛА и стрелковое оружие

Бюст Гагарина открыли в Национальном инженерном университете Перу


Москва

Рост предложения в Москве и Петербурге привел к снижению цен аренды жилья






Rss.plus

Как поучаствовать в продаже иностранных ценных бумаг по указу №844

Like FM – федеральный партнер релиза «Идеальная зависимость»

«А потом мир погас». Жертва молнии рассказал о боли, которую едва пережил

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Карина Кокс

«Накинулись на нас как голодные собаки на кусок мяса!» Участники шоу «Сокровища императора»обвинили Карину Кокс и Женю Искандарову в беспринципной игре ради победы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективности программ по формированию здорового образа жизни  

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.

На окружном полуфинале конкурса «Это у нас семейное» Калмыкию представляют четыре семьи


Елена Рыбакина

Лучшая теннисистка мира сделала заявление перед матчем с Еленой Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Мадина Байрамукова рассказала о эстетической дерматологии для мужчин



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России