World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Шаар-кыштак кыйрап, кан суудай аккан. ХХ кылымдагы эң чоң апаат

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда башталып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.


Ага Жер шарынын 80% ашуун калкы, 62 өлкө катышкан. Майдан Европа менен Азия, Африкада, баш-аягы жок мелмилдеп жаткан дүйнөлүк океанда жүргөн. 


Биринчи дүйнөлүк согуштан жеңилүү ызасын тартып калган фашисттик Германия 1939-жылдын 1-сентябрында Польшаны басып кирген.




Чыгыштан советтик кызыл аскерлер каптап, айласы куруган поляк өкмөтү чет жерге качып, өлкө кыска убакыттын ичинде басылып алынган.




Германиялык аскерлердин Европа өлкөлөрүнө жасаган аскердик жүрүштөрү кыска убакка созулуп, континент дээрлик немис бийлигинин таасири алдында калган.




Азиянын чыгышында жапон аскерлери 1931-жылы Кытайдын түндүгү менен Манжурияны басып алып, 1937-жылдан тарта кытай-жапон урушу башталган. 1938 –1939-жылдары Хасан көлү менен Халхин-Гол дарыясында СССР менен жапон аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышы өтүп, жыйынтыгында эки өлкө бири-бирине кол салбоо келишимине келишкен.


1939-жылы ушундай эле келишимге СССР менен Германия өкмөттөрү кол коюшкан. Тарыхка ал “Риббентроп-Молотов пакты” деген ат менен кирген.




1940-жылы Германия, Италия, Жапония үчилтик келишимге кол коюшуп, анда өз ара көмөктөшүү, таасир көрсөтүү чөлкөмдөрүн аныктап алышкан.




Антигитлердик коалицияга башында Улуу Британия, Франция, Польша кошулуп, кийинчерээк  СССР, АКШ, Кытай кирген. Германия бир айга жетпеген убакыт ичинде Польшаны, кыска мөөнөттүн ичинде Дания, Норвегия, Нидерланд, Бельгия, Францияны да басып алган. Анын өнөктөшү Италия Эфиопия, Сомали, Кения, Суданды басып алган.


СССР эгемен фин өлкөсүнө кол салган




1939-жылдын аягында СССР Финляндияга кол салып, көптөгөн жоготууларга карабастан 1940-жылдын мартында “Маннергейм линиясынан” өтүп, Хельсинкини тынчтык келишимине кол коюуга мажбур кылган.  




Андан соң Советер союзу Балтика боюндагы республикаларды өзүнө кошуп алган. Германия Англияны бомбалап, Африканын түндүгүндөгү Мисирди, Югославия менен Грекияны каратып алган.


Германия СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган




Чагылгандай тез өтчү аскердик план боюнча 1941-жылдын 22-июнунда Гитлердик Германия ири үч аскер тобунун жардамы менен СССРдин батыш чек арасын бузуп кирген.




СССРде согуш башталган чакта Кыргызстан калкы 1 миллион 588 миң киши болчу. Аяктагандан кийин республикада 1 миллион 457 миң киши калган. Кыргызстан согушуп аткан армияга 365 миң киши же ар бир төртүнчү адам канмайданга аттанган.  Алардын жүз миңден ашууну туулган жерине кайтпай калышты.




150 миң ашуун кыргызстандыктар кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн орден, медалдар менен сыйланган. 72 кыргызстандык Советтер союзунун баатыры деген наамга ээ болушкан.


Чолпонбай Түлөбердиев биринчи болуп төшүн дзотко тоскон. Дүйшөнкул Шопоков Москваны коргоодо курман болгон.




30 миң ашуун кыргызстандыктар республикадан тыш аскер өнөр жайынын ишканаларында иштеген. Согуш маалында батыш аймактарынан 30дан ашуун өнөр жай ишканалары көчүрүлүп келген. Уруш күчөп турган чакта республикада 70тен ашуун өнөр-жай ишканалары ишке киргизилген.


Согуш өртү өлкөнүн батышында жалындап күйүп турган


1941-жылы 8-сентябрда немистердин “Түндүк” аскерлер тобу Ленинградды курчоого алып, 872 күнгө созулган блокада башталган.




Ал эми ноябрда душмандын “Түштүк” аскерлер тобу Украинаны толугу менен басып алып, Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на-Дону шаарын ээлеген. Анткен менен СССРдин борбору Москвага умтулган немис аскерлеринин “Борбор” тобу максатына жетпей калган.


Эрте түшкөн кыш, сууктан жүдөп, ыкчам аракеттенүү демилгесин колдон жулдурган душмандын Смоленкидеги айыгышкан уруштардан кийин жаалы кайтып, 5-декабрдагы Кызыл аскерлердин контрчабуулдарына туруштук бере албай 100 – 250 чакырым артка чегинүүгө мажбур болгон.




1941-жылдын 7-декабрында жапан аскер аба күчтөрү Гавайи аралдарында турган америкалык Пёрл-Харбор деңиз базасын бомбалап, АКШнын Тынч океандагы күчтүү флотун талкалап салган. Дүйнөлүк согушка АКШ кирип, төрт жылга созулган Түштүк Чыгыш Азиядагы деңиз согуштары күчөгөн.




1942-жылдын жайындагы советтик жоокерлердин Харьковдун жанындагы ийгиликсиз чабуулдарынан алсыраган фронтту жарып өтүп вермахтын аскерлери СССРдин түштүгүнө Кавказдагы мунай чыкчу жерлерди ээлеп алуу аракетине киришип, 17-июлда Сталинградды камалай баштаган.




Кеч күздө немис аскерлери Кубанды ээлешкен. Өлкөнүн түштүк капталына тереңдеп кирип кеткен душманды курчоого алып, батыштан келчү жардам жолун тосуп, жеринде жок кылуу операциясы 1942-жылдын 19-ноябрында башталган. Советтик  аскерлер фельдмаршал Паулюс жетектеген 300 миңден ашуун аскери бар 6-армияны курчоого алып, 90 миң ашуун жоокерин туткунга түшүргөн. Фельдмаршал Фридрих Паулюс баштаган 24 генерал колго түшкөн. Немис аскерлери буга чейин мындай жеңилүү ызасын тартыша элек болчу.




Кийинки жылы жайында  немис аскерлери Курск жанында колдон чыгып бараткан аскердик демилгени кайтарып алуу аракетин башташкан. Бир жарым айга созулган аёосуз уруштардан кийин душман чабуулга буямасы келбей, коргонууга өткөн. Советтик аскерлер Днепрде немистик күчтүү коргонуусун жарып өтүп Киевди бошотууга киришкен. 1944-жылдын жайына карата Украина душмандан толугу менен бошотулган. Жыл башында Ленинград блокададан чыккан.




Гитлердик Германия менен өнөктөштөрү экинчи дүйнөлүк урушта жеңилери 1943-жылдын аягында эле билинип калган. Согушту кантип аяктоо, “экинчи фронтту” ачуу маселелери 1943-жылдын 28-ноябрынан 1-декабрга чейин Тегеранда өткөн СССР, АКШ, Англия жетекчилеринин “чоң үчтүк” деген аталыштагы жолугушуусунда талкууланган.




Кийинки жылы 6-июнда союздаштар Европада “экинчи фронт” ачышып, Нормандияга аскерлерин түшүргөн. Ушул жылы жайында СССР командачылыгы иштеп чыккан “Багратион” операциясы башталып, Белорус, күзгө карай советтик жерлер душмандан толук бошотулган. Немистик аскерлердин аёосуз каршылыктарына карабай, союздаштардын аскерлери чыгыштан, батыштан активдүү чабуулдарга өтүп, 1945-жылы 25-апрелде советтик аскерлер союздаштардын куралдуу күчтөрү менен Эльба дарыясында кездешкен.


Германиянын жеңилиши 




1945-жылдын кышынан тарта башталган ири масштабдагы чабуулдардын натыйжасында жазында советтик аскерлер Берлинге жетишкен.


Эки жумалык айыгышкан уруштардан соң 1945-жылдын 2-майында Берлин гарнизону багынган.




8-майдан 9-майга караган түнү Германия эч кандай шарты жок багынып берүү актысына кол койгон.




1945-жылдын февралында Ялтада “чоң үчтүктүн” дагы бир жолугушуусу өтүп, андан батыштагы согуш аяктаса СССР Жапонияга каршы уруш ачары талкууланган. Жапон өкмөтү багынып берүү жөнүндөгү сунуштарды чеке кагып, каршылык көрсөтүүсүн уланта бергенден 1945-жылдын 6-9 августунда АКШ Хиросима, Нагасаки шаарларына атомдук бомба таштаган.




1945-жылы 8-августта Советттер союзу Жапонияга согуш ачкан. 2-сентябрда жапон өкмөтү эч кандай шартсыз багынып берүү актысына кол койгон. Ошону менен адамзат тарыхындагы эң эле оор, 60 миллион ашуун адам өмүрүн алган, миңдеген шаарлар менен кыштактарды тыптыйпыл талкалаган канбайрам токтогон.


СССР 26 миллион калкынан ажыраган. Бул согушта адамзат ядролук бомба алааматын көрдү. Уруш учурунда дос өлкөлөр социалисттик жана капиталисттик деп экиге ажырап, бирин экинчиси душман санап, “кансыз согуш” жарыяланган.




 

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Гидрометцентре прогнозируют температуру на 6-10°С выше нормы в нескольких регионах России



Жизнь

В городском округе Домодедово проведена агитационно-разъяснительная работа с населением о сохранности имущества.






Новости 24 часа

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?



Game News

Elgato Game Capture Neo review



Москва

Трем зданиям в Хамовниках вернут исторический вид



News Every Day

My mother and I were still estranged when she died in 2019. I went to a medium to connect with her and it brought me closure.



Происшествия

В городском округе Домодедово проведена агитационно-разъяснительная работа с населением о сохранности имущества.



Москва

Сенаторы США потребовали санкций против российского гелия



Сергей Шнуров

СМИ: гонорары Шнурова уменьшились вдвое



Москва

В Подмосковье в воскресенье ожидается кратковременный дождь



ATP

Даниил Медведев вышел во второй круг турнира ATP-500 в Пекине



Москва

Что нового в законах об апартаментах в 2024 году?



Кристина Орбакайте

Бизнесмен назвал причину массовой продажи недвижимости Орбакайте у других звезд



Симферополь

Прогноз погоды в Крыму на 26 сентября



Москва

Что нового в законах об апартаментах в 2024 году?



Москва

Сергей Собянин. Главное за день



Москва

Тренировка спецподразделения Росгвардии по уничтожению БПЛА прошла в ДНР



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Новые фигуранты появились в уголовном деле экс-мэра Сочи

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

В туалете самолёта до Самары скончался пассажир


Москва

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?






Rss.plus

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

В Москве ежегодно состоялся юбилейный, всероссийский, патриотический гала-концерт «Проза и поэзия» «Россия - семья семей»

Подведены итоги конкурса «Мы верим твердо в героев спорта»

Стоит ли отдавать ребенка в частную школу?

Moscow.media
Москва

Собянин: Реставрация 14 жилых домов завершится в этом году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Карди Би

Offset обвинил Карди Би в измене: «Скажи им правду»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Олимпийские ценности: доступное жилье в Иваново сдадут по улучшенному стандарту

Локомотив – Оренбург: прогноз на матч 1 октября.

Воробьев — о поражении ЦСКА: «Мы тренировали овертайм, но пока это не наше, к сожалению»


ATP

Даниил Медведев вышел во второй круг турнира ATP-500 в Пекине



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Мы не уследили»: чем отравилась попавшая в реанимацию дочь Александра Збруева



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России