Маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды
Президент Садыр Жапаровдун 1-июлдагы жарлыгы менен Адабият жана искусство тармагындагы жетишкендиктери үчүн бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды.
Алар:
Таалайбек Усубалиев - COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлери жана ыктыярчылардын иши, коронавирустун курмандыктары тууралуу тарткан сүрөттөрү үчүн;
Улуттук академиялык драма театрынын артисти Анара Сыдыгалиева, "Саманчынын жолу" спектаклинде Толгонайдын образын мыкты аткарганы үчүн,
Улуттук академиялык драма театрынын артисти Данияр Жанжигитов, "Саманчынын жолу" спектаклинде Майсалбектин ролун мыкты аткарганы үчүн,
Улуттук академиялык драма театрынын сүрөтчү-сценографы Алымгазы Конушбаев, "Саманчынын жолу" спектаклин мыкты алып чыкканы үчүн сыйланышты.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар жана кеңири коомдук таанууга ээ болгон адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн кыргыз жарандарына берилет.
1965-жылдын 16-июнунда Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен кыргыз адабиятын жана искусствосун өнүктүрүү, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармалардын авторлорун сыйлоо максатында, улуу кыргыз совет акыны Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата негизделген.
Сыйлык алгачкы жолу Токтоболот Абдумомунов, Гапар Айтиев, Муратбек Рыскулов, Виктор Виноградов, Аалы Токомбаевге ыйгарылган.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өкмөттүн 1995-жыл 13-ноябрындагы токтому менен аталган сыйлык кайрадан түзүлгөн.(ZKo)