World News in Kyrgyz



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

"Топчу жана мык чыгарабыз". Өкмөт өндүрүштү өз колуна алмай болду

Кыргыз өкмөтү экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзчү өндүрүш ишканаларын өз колуна алып, билек түрө ишке киришкенин жарыялады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кризиске каршы программанын негизги өзөгүн тоо-кен тармагы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда мамлекеттин катышуусу менен 30дан ашуун ири долбоорду ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле мурда туура эмес менчиктештирилген же инвестициялык милдеттерин аткарбаган Майлуу-Суу электр лампа заводу сыяктуу ири ишканалар мамлекетке кайтарылып жатканын белгиледи.

Өкмөттүн экономиканы жөнгө салуу демилгеси коомчулукта талкууга түштү.

Өкмөт өндүрүштү өз колуна алдыбы?

Жогорку Кеңеште жарым жылдык ишмердиги боюнча маалымат берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров улуттук экономиканы башкарууда буга чейинки өкмөт башчылардан кескин айырмаланган көз карашын билдирди.

Акылбек Жапаров "Мамлекет - начар башкаруучу" деген көз караштан кетип, улуттук экономиканы кризистен чыгарууда кээ бир өндүрүш тармактарында мамлекеттин катышуусун камсыздоо саясаты ишке киргизилгенин билдирди.

Өкмөт башчы тышкы карыздын орчундуу бөлүгүн төлөөгө убакыт келгенин, казынага каражат тартуу кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кыларын белгиледи.

“Мамлекеттик компаниялар экономиканын локомативи болушу зарыл. Экономикалык реформаларды жасоо максатында жаңы заводдорду ачып, ишканаларды түзүп жатабыз. “Кумтөрдүн” акчасынын эсебинен башка кендерибизди дагы өзүбүз иштетели дедик. Бул улуттук холдингдин уставдык капиталы 8 млрд. сомду түзөт. Мындан тышкары "Кыргызиндустрия" мамлекеттик ачык акционердик коому түзүлдү. Анын колдоосу менен биз тигүү жана эмерек өндүрүшү үчүн фурнитураларды, көмөкчү материалдарды, көп функциялуу принтерлерди, интернет сигналдарын кабыл ала турган Wi-Fi роутерлерди, көзөмөл-кассалык машиналарды чыгарып, жеке компьютерлерди ж.б.у.с. инновациялык жабдууларды Кыргызстанда чогултуу боюнча долбоорлорду ишке ашыра баштадык”.

Кыргызстан эгемендик алганда рыноктук механизмдерди жактап, эркин экономиканы тандаган. Отуз жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик мүлктүн көп бөлүгү менчиктештирилип, өндүрүштүк ишканалар жеке колго өтүп же болбосо инвесторлорго убактылуу башкарууга берилген.

"Мамлекеттик кийлигишүүгө негиз болушу керек"

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай экономикага мамлекеттин кийлигишүүсү оор кризистик учурларда колдонулган тажрыйба экенин, бирок өндүрүштү мамлекеттик жөнгө салуу дайыма эле ийгилик жаратпай турганын белгиледи. 

“Экономикалык өнүгүүнүн мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган же мамлекеттин кийлигишүүсүн четке каккан эки мектеби бар. Негизи, эки көз караш бири-бирине карама-каршы келгени менен кээде экөө тең керек. Алар бири-бирин толуктап турган учурлар болот. Айрыкча пандемия, эпидемия, зилзала, согуш сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда дүйнөдө экономикага мамлекеттик кийлигишүү усулу колдонулат. Мамлекеттик жөнгө салуу өзүн актаган учурлар да, мамлекеттик кийлигишүү тескери натыйжа берген мисалдар да толтура. Мурда мамлекеттин колундагы ишканалар менчикке кетип, анан ал жакта туруп калып, азыр эми аларды мамлекет кайра кайтарып жаткан жагдайдын негиздемесин кароо керек. Бирок мамлекет ошол ишканаларды мурда эле иштете бербейт беле деген да суроо жаралат. Анда СССР мүмкүн бузулмак эмес. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере албаганы үчүн система кыйраган да. Эгерде чынында эле менчиктештирүүнүн жыйынтыгын кайра кароо аракети болсо, анда ал соттук териштирүү менен коштолот”.

Өндүрүштү каржылоо, мамлекетке өткөн ишканалар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзө турган өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик 30 долбоор бекитилгенин билдирди.

Бул долбоорлорду каржылоо максатында "Айыл банк", РСК банк, "Керемет банк" жана жаңыдан түзүлүп жаткан Мамлекеттик өнүгүү банкынын уставдык капиталдарын 100 млн. АКШ долларына чейин чыгаруу планы бар экени айтылды.

Мындан сырткары "Кумтөр" алтын кенинен түшкөн пайданы экономиканын реалдуу секторуна багыттап, тоо-кен, туризм, гидроэнергетика, металлургия жана оор өнөр жайындагы токтоп калган өндүрүштүк ишканаларды кайрадан жандандыруу демилгеси көтөрүлгөнү белгиленди.

Акылбек Жапаров туура эмес менчиктештирилген, инвестициялык милдеттерин аткарбаган же мамлекетке карызы бар өндүрүштүк ишканалар мамлекеттин карамагына өткөрүлүп жатканын билдирди:

“Биз жакында Майлуу-Суу электр лампа заводун кайра кайтарып алдык. Аны жаңылап, өндүрүштүк кубаттуулугун арттыруу үчүн 1 млрд. сомдук бизнес-планын бекитип бердик. Мындан тышкары Кара-Балта авторемонттоо заводу, Кара-Балта килем комбинаты, Кара-Балтадагы “Дан-Азык” мамлекеттик ишканасы дагы толугу менен мамлекетке кайтарылды. Ушуга окшогон онго жакын ишкананы биз мамлекеттин карамагына өткөрүп алып жатабыз. Мамлекетке  карыздарынын эсебинен же болбосо менчиктештирүү маалында ар кандай келишимдердин негизинде ар кандай кишилер алып, бирок кыргыз өкмөтүнүн алдындагы милдеттерин так аткарбаган болсо, биз ал ишканалардын бардыгын кайрадан мамлекеттин карамагына алып жатабыз”.

Топчу менен мыктан башталган өндүрүш

 

Кыргызстандын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу максатында өткөн 2021-жылы декабрь айында "Кыргызиндустрия" мамлекеттик ачык акционердик коому түзүлгөн.

Анын төрагасы Жарасул Абдураимов бул мамлекеттик компания быйыл март айынан баштап ишке киришкенин айтып, анын курамында 14 өндүрүштүк ишкана ачылып, жумушун баштап жатканын билдирди.

Анын айтымында, жеңил өнөр жай, транспорт, курулуш тармактарын өнүктүрүүгө багытталган өндүрүштүк жана кызмат көрсөтүүгө зарыл ишканалар мамлекет тарабынан же мамлекеттин катышуусу менен түптөлдү.

"Кыргызиндустрия" мамлекеттик ачык акционердик коомунун төрагасы Жарасул Абдураимов мамлекеттик өндүрүш топчу менен мык чыгаруудан башталганын белгиледи:

“Биздин изилдөө Кыргызстандын тигүү тармагы жылына 10 млн. долларга топчуну чет өлкөдөн сатып алып келерин көргөздү. Ошондуктан биз “Кыргыз топчусу” мамлекеттик ишканасын түзүп, Фрунзе заводунун аймагында РСК банкта күрөөдө турган бир ишкананын имаратын алып, ишти баштадык. Жакында жабдыктары келип,  өндүрүш ишке киргени турат. Андан башка дагы “Кыргыз темир мык” ишканасы кадимки мыктарды, шуруптарды жана башка ушул сыяктуу темир шаймандарды жасап чыгарууга ыңгайлашкан. Азыр биздин өлкө мунун бардыгын Өзбекстандан жылына 6 миң тоннадай сатып алат. Анан ширетүү ишине керектелчү электрод чыгарган кыргыз-казак биргелешкен ишканасы дагы жакында ишке киришкени турат”.

Тоо-кен тармагындагы долбоорлор. Уникалдуу өндүрүш

Ошол эле кезде өлкөнүн тоо-кен тармагын тейлөө, инвестиция тартуу жана өнүктүрүү жаңыдан түзүлүп, "Кумтөр" алтын кенинин эсебинен каржылана турган "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингине берилди.

Холдинг өз алдынча 34 долбоор иштеп чыкканын анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк парламентте айтты. Ал тоо-кен тармагын өнүктүрүү жана анын ишмердигин камсыздоого байланыштуу ишканалар түзүлүп жатканын билдирди:

“Жакында Таластагы эки алтын жана жез кенин ишке киргизгени жатабыз. Анын фабрикасы курулуп бүтсө, өндүрүш 2,5 жылда ишке берилет. Бул өзүнчө эки чоң долбоор. Мындан башка Чүйдө сейрек кездешүүчү металлдары бар Куттуу-Сай  кенин ишке киргизүүгө даярдап жатабыз. Буга инвесторлор келип жатат. Айрыкча Жапониядан келген инвесторлор бул жакка чоң инвестиция салууну сунушташты. Долбоор дагы 2,5 жыл ичинде ишке киргизилет. Анан мрамор ташын иштеп чыгара турган заводду сатып алдык. Бул долбоор жакында ишке киргизилет”.

"Кыш завод курууну бизнестен талашпагыла"

 

Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги "Кумтөрдүн" акчасынын эсебинен кыш заводу, суу чыгаруучу завод сыяктуу өндүрүштүк ишканаларды курууну жеке менчик ишканалардан талашпай эле койсо деген оюн ортого салды.

Депутат өкмөттү акчаны майда-барат нерселерге сарптоону токтотуп, улуттук долбоорлорго багыттоого чакырды.

“Сиздин берген маалыматтан ичүүчү суу, кыш чыгаруу деген сыяктуу долбоорлор тууралуу окудум. Бирок мен кыш заводун куруу же суу чыгаруу деген сыяктуу иштерди жеке секторго эле калтырууну суранат элем. Аны бизнес өзү эле тартып кетет. “Кумтөрдөн” түшкөн акчаны буга окшогон жактарга корото бербей, натыйжа бере турган ири улуттук долбоорлорго жумшасак, кандай болот эле? Азыр сиз жетектеген холдингде 500дөн ашуун адам иштейт дедиңиз. Алар эмне иш кылат?”.

Парламентте бир катар депутаттар өкмөттүн бул жаңы экономикалык саясатынын жыйынтыгына баа күзүндө бериле турганын айтышты.

Бул аралыкта жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканалар атаандаштыкка туруштук берип, өндүрүш тармагынан ордун таба алабы деген маселе көтөрүлдү.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Архангельске стартовала лаборатория городской среды «Выход в город»



Жизнь

SHOT: Россиянке изуродовали лицо во время неудачной блефаропластики в Азербайджане






Новости 24 часа

Всероссийский субботник пройдет на территории сервисного локомотивного депо «Москва-Сортировочная» 27 апреля!



Game News

Metroidvania around a microscopic world to save dogs everywhere in BioGun



Москва

В России построят научные мегаустановки на экспорт



News Every Day

Laura Dern Is the Star of Roger Vivier’s New Short Movie



Происшествия

Военный следователи провели в Инкермане очередной рейд по выявлению бывших мигрантов, не вставших на воинский учет



Москва

Решение принято. В России гражданам от 30 лет выплатят по 10 тысяч рублей с 24 апреля



Джиган

Старшая дочь Оксаны Самойловой и Джигана призналась, боялась ли она развода родителей



Москва

Три воздушных судна из Москвы 24 апреля задерживаются с прилетом в аэропорт Владивостока



Новак Джокович

Легенда тенниса рассказал, готов ли он опять стать тренером Джоковича



Москва

Баскетболист ЦСКА Хэнлан назвал Москву лучшим местом для жизни



Россия

Случай на концерте Metallica в России



Симферополь

Волгодонские картингисты заняли три призовых места в Апшеронске



Москва

Разработчик гиперконвергентной платформы vStack и «Системный софт» подписали соглашение о партнерстве



Москва

Собянин рассказал о реновации в Академическом районе



Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)



103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России





Топ 10 новостей последнего часа




Новости России

Замена труб водоснабжения в Московской области

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Собрание в 300 домах. В столице можно увидеть обычно закрытые особняки

Саша растёт, а липома – нет. Читатели aif.ru собрали деньги для Саши Шубиной


Москва

Директор Благотворительного Фонда «Провидение» Елена Осипова стала финалистом премии «Россия - страна возможностей»






Rss.plus

Всероссийский субботник пройдет на территории сервисного локомотивного депо «Москва-Сортировочная» 27 апреля!

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Предложения АИРР поддержала комиссия Госсовета

Доходность инвестиций в недвижимость в Пскове составляет 10%

Moscow.media
Москва

Собянин: «Московская техническая школа» запустила новое направление обучения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Шарлот

Суд продлил арест певца Шарлота до 29 мая




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Легендарный вратарь Мануэль Нойер стал амбассадором Hisense на Чемпионате Европы по футболу – УЕФА ЕВРО 2024™

Баскетболист ЦСКА Хэнлан назвал Москву лучшим местом для жизни

Игра в футбол на каблуках: как блогеры резко стали футболистками и решили завоевать новые горизонты


WTA

WTA сообщила о достижении Рыбакиной после победы над Швентек



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Площадь трех вокзалов в Москве переименуют



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России