Депутат Айдарбеков чет жакта дарыланып жүргөнүн билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал бир нече күн байланышка чыкпаганынын себебин, ден соолугу боюнча пландаштырылган текшерүүдөн өтүү үчүн чет жакка кеткени менен түшүндүрдү.
Ал өзү үчүн кабатыр болгон жана колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылык билдирип, жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келерин жазган.
Депутат Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу фракциянын жана парламенттин отурумдарына катыша албасын мурдараак "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев маалымдаган. Ал Айдарбеков бул тууралуу расмий кат аркылуу фракция башчысына жана Жогорку Кеңештин төрагасына маалымдаганын билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев ишемби күнү Казакстанга өтүп баратканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалып, кайра бошотулган. Алардын кармалышы боюнча УКМК маалымат берген эмес.
Депутаттар Айдарбеков да, Жамгырчиев да өздөрү тууралуу үн ката элек болчу.
Эки депутат кыргыз-өзбек чек арасы жана “Кемир-Абад” келишимине каршы добуш бергендердин катарында.
Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчилигинен кетишине да ушул келишимдеги документтердин ачыкталышын талап кылганы себеп болгон.(ZKo)