Депутат Таластагы "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштады
Парламент депутаты Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайбай жатканын айтып, "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштады.
“Чоң-Капкага" жакын жайгашкан "Кичи-Капка" чек ара бекети бар. 2010-жылга чейин жакшы иштеп келген. Ал учурда көйгөй жок болчу. Аны ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, кийин токтоп калды. Болгону ал жердин инфраструктурасы оңдолушу керек. Казакстан тарап каршы эмес”, - деди депутат.
Буга чейин чек ара бекетин ачууда Казакстан тараптын бардык инфраструктурасы даяр экени, Кыргызстанга бажы бекетин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүү талабы коюлганы кабарланган.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги маал-маалы менен пайда болуп турат. Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар.
Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)