Жогорку Кеңеш Мадумаровду жоопко тартууга уруксат береби?
Башкы прокуратура оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады. Мадумаровго төрт берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Мындай жол менен бийликтин башкы оппонентине айланган саясатчыны жоопкерчиликке тартуу маселеси кайрадан парламенттин колунда турат.