HRW Кыргызстандын бийлигин адам укуктарын сыйлоого чакырды
Уюмдун билдирүүсүндө ноябрь айында кармалып, камакка алынган "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана активдүү мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин иши сынга алынып, өлкөдө адам укуктарын коргоо күнүн майрамдоого негиз аздыгы белгиленген.
HRW уюму "Социал-демократтар" партиясынын лидери жана мүчөлөрү камакка алынганы оппозициялык партияны кысмакка алган алгачкы учур эмес экенин, буга чейин "Ата Мекен" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясына да ушундай басым-кысымдар болгонун белгилеген.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров быйыл мартта тогуз жыл мурунку, "мамлекетке чыккынчылык" иши үчүн парламенттеги депутаттык мандатынан ажыраган. Бийликти сындап, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимге каршылыгын билдирген 20дан ашык киши бир жарым жылдан ашуун камакта болушту", - деп жазылган билдирүүдө.
Адам укугун коргоочу уюм акыркы жылы кыргыз бийлиги бир катар журналисттерге, басылма, сайттарга да басым жасаганын, анын ичиндеTemirov Live сайтынын журналисттеринин камаккка алынганын белгилеп, иликтөөчү "Клооп Медиа" уюму сот тарабынан жабылганы, 2024-жылы Орусиянын мыйзамына "окшош" "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзамы кабыл алынганы да өлкөдө адам укуктары, сөз эркиндиги басмырланып жатканына далил боло аларын көрсөткөн.
"Кыргызстанда Адам укуктарын коргоо боюнча Эл аралык күн белгиленип жатканда кыргыз өкмөтү бул жаатта багытын өзгөртүп, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин негиздерин колдоого алууга тийиш",- деп билдирди Human Rights Watch уюму.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар жана адам укуктары корголгон деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров жыл ичинде бир нече жолу билдирген.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. (ZKo)