Вошедший в Акт Магнитского коррупционный клан Матраимовых пытается подчинить себе руководителей органов местного самоуправления Кыргызстана
Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Т. Мамытовго
723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-
Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан
АРЫЗ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Бүгүн КР Жогорку Кеңеши “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун 1 окууда кабыл алды. Демилгечилер – депутаттар З. Эсенаманов, А. Карашев. Бул мыйзам долбоорунда айыл өкмөт башчысы ордуна талапкерлер КР МКК тестирлөөсүнөн өтүшү каралган. Бул мыйзам долбоору эгерде кабыл алынса, Кара-Суу районунда коррупцияга кең жол ачылат. Себеби КР Мамлекеттик кадр кызматындагы Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Акт Магнитский тизмесине киргендин агасы Искендер Матраимов (анын өзүнүн жеке миллиарддаган мүлктөрү боюнча УКМКда суроолор эмнегедир жок, бирок карапайым элде суроолор көп). Ош облусундагы КР МКК башкы адиси Шавкат Капаров, ал коррупционер Шарабидин Капаровдун (18 кылмыш иши ачылган) чоң уулу.
КР Президенти С.Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгына ылайык коррупцияга шектелген кадрлар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына дайындалбайт деп так жазылган. Бирок, КР МКК өзүндө мамлекет кызматында иштеп, мыйзамсыз байыган жана миллиарддаган мүлкү бар, Мамлекет мүлк фондунда иштеп прихватташтырган И. Матраимов жана коррупционер Капаровдун уулу Ош облусундагы КР МКК башкы адиси Шавкат Капаровдун иштегени МККна карапайым элде ишенбөөчүлүк жаратат. Себеби Ш.Капаров Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө иштеп, жерлерибизди Матраимовдор менен аффирленген жактарга жеке менчигине ажыратып, каттатып бергени үчүн, мурдагы МКК Ош облусундагы башчысы И. Матраимов анын уулу Шавкат Капаровду МКК Ош облусундагы бөлүмүнө башкы адис кылып ишке алган.
Ошондуктан Ө. Суваналиев мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы 90 % кадр Матраимовдорго тийиштуу деген. Себеби бул кадрлар мамлекет же эл үчүн иштебейт, алар Матраимовдордун жеке пайдасы үчүн гана иштейт. Үчүнчү революцияга себепкер болгон Жогорку Кеңешке шайлоо убагында добуш сатып алуу Кара-Суу районунда эбегейсиз, масштабдуу болду. Коррупционер Матраимовдордун “Мекеним Кыргызстан” партиясы Кыргызстан боюнча Кара-Суу районунда аномалдуу жогору 91 % көрсөткүчү катталган. Добуш сатып алуу үчүн Кара-Суу районундагы айыл өкмөт бащчылары КР ЖК шайлоосунда “Мекеним Кыргызстан” партиясын каржылоо үчүн эбегейсиз жер сатышып, бюджет акчаларын уурдашкан.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Карашев жана Эсенаманов эл үчүн эмне иш кылышты? Алар жеке өздөрү жана Матраимовдор үчүн гана иштеген чимкириктер. Чимкириктер иштеп чыккан азыркы мыйзам долбоору дагы эл үчүн иштебейт, ал мыйзам Кара-Суу районунда Матраимовдордун байышы үчүн гана иштейт. Себеби Кара-Суу районунун 8 жыл башкарган Матраимовдор айыл өкмөт башчылыгына криминал, жер саткыч, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн дайындап, депутаттарды басмырлап шайлаткан, Матраимовдор гана байышкан. Карапайым эл Кара-Суу районунда люстрация кылынышын талап кылганы менен, Матраимовдордун криминал куйруктары баш которуп, элди басмырлап, шантаждап жатат.
Биз бир нече жолу КР МКК директору А. Маматалиевке коррупционер Капаровдун уулу бизди бир нече жолу өлтүрөбүз, үйлөрүбүздү орттойбуз деп коркуткан Шавкат Капаровду кызматынан четтетууну талап кылып арыз менен кайрылганбыз. Бирок, биздин көптөгөн жерлерибизди прихватташтырып алган И.Матраимов Шавкат Капаровду калкалап, ал өз ишинде иштеп, Матраимовдордун кадрларын мамлекеттик жана муниципалдык орундарга тестирлөөдөн эптеп өткөрүп, дайындап жатат. Кара-Суу районунда айыл өкмөт башчылыгына Матраимовдор менен аффирленген коррупционерлер өтүп, коррупция өнүгүп, алар жер сатышып, Матраимовдорду КР ЖК шайлоосунда мамлекет эсебинен каржылашат.
Азыркы мезгилде элдин талабы айыл өкмөт башчылары Кара-Суу районунда Матраимовдор тарабынан прихватташтырып алынган жерлерди, имараттарды мамлекетке кайтарышы зарыл. Бирок, И.Матраимовдун көрсөтмөсү менен мыйзам долбоорун иштеп чыккан Карашев жана Эсенамановдор буга каршы чыгышып, Матраимовдор менен аффирленген коррупционерлерди айыл өкмөт башчылыгына дайындоо үчүн аракет жасап жатышат.
28 февраль 2021 ж. Ош шаарында реваншисттик күчтөр тарабынан Президентибиздин коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясатына каршы “Матраимовго боштондук” урааны менен митингге адам алып чык деп И.Матраимов бардык айыл өкмөттөргө тапшырма берген. Аны Ош обл.УКМК кызматкерлери бардыгы билишет. Бирок, Кара-Суу районун Президент Жапаров эмес, И.Матраимов башкарат, Ош обл.УКМКны Ташиев эмес, И.Матраимов башкарат. Бул мыйзам кабыл алынса, Кара-Суу районунда айыл өкмөттөр Президентке баш ийбейт, И.Матраимовго баш ийип калат.
Карапайым айыл эли башка мындай мыйзамсыздыкка чыдабайт, же Кара-Суу районунда люстрация кылыныздар, же эл 4 революция жасап, Матраимовдорду жана анын куйруктарын өздөрү жоопкерчиликке тартып, мүлктөрүн конфискация кылат.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:
1. Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөгү бардык кадрлар (алар бардыгы Матраимовдордун куйруктары) люстрация кылынып, башка муниципалдык иштерде иштебесин.
2. И.Матраимов жана анын туугандары мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, миллиард долларлык мүлктөрү конфискациялансын.
3. КР МКК Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Акт Магнитский тизмесине киргендин агасы И. Матраимов кызматынан бошотулсун.
4. Коррупционер Капаровдун уулу Ош облусундагы КР МКК башкы адиси Шавкат Капаров кызматынан бошотулсун.
Ушул төрт талабыбыз аткарылса гана карапайым элде ал мыйзамга ишенич пайда болот, болбосо ал мыйзамды элдин кыжырына тийип, кабыл албаныздар.
Эгерде төрт талабыбыз аткарылбаса, анда Кара-Суу районунда эл 4 революция жасайт.
Коррупция курмандары О.Д. Токторалиева, Г.М. Мирзакаримова, 6.05.2021 ж.