Алматыга жакын жерде тик учак кулады
Жарандык авиация комитетинин басма сөз катчысы Нурсултан Нурахметов билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттө болгон. "Sky Service" авиакомпаниясына таандык "Eurocopter-130" үлгүсүндөгү тик учак "Алатау" санаториясынын аймагына кулаган.
Жарандык авиация комитети маалымдагандай, тик учактын бортунда бир гана учкуч – аба кемесинин командири Валентин Шитов болгон. Ал Тез жардам унаасында көз жумган.
Маалыматтарга караганда, тик учак Боралдайдан Чоң Алматы көлүнө учуп бараткан.
Окуя териштирилип жатат.