Азия кубогу: 1/8 бөлүктөгү атаандаштар аныкталды
Бүгүн жана эртең командалар үчүн эс алуу күнү. Ал эми жекшемби күндөн тарта 1/8 финалдык оюндар башталат. Ойной турган командалардын жуптары төмөндөгүдөй аныкталды:
20-январь:
Иордания – Вьетнам
Таиланд – Кытай
Иран – Оман
21-январь:
Жапония – Сауд Аравия
Австралия – Өзбекстан
БАЭ – Кыргызстан
22-январь:
Түштүк Корея – Бахрейн
Катар – Ирак
Бул оюндарда уткан командалар 1/4 финалдык бөлүккө чыгышат. Ал эми утулган өлкөлөр чемпионаттан четтейт. Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. (SDz)