Хакерлер 770 миллиондон ашык электрондук даректерди бузушту
Батыштын басма сөз каражаттары киберкоопсуздук боюнча эксперттерге шилтеме берип билдиришкендей, "Mega" сервисинин маалымат базасы ачык болуп калган. Андан кийин сайттын шилтемеси хакерлердин белгилүү форумдарынын биринде жарыяланган.
Жарыяланып кеткен маалымат базасында Интернет колдонуучулардын кредиттик карталары жана башка жеке финансы тууралуу маалыматтары бар-жогу такталып жатат.
Орусиядагы "Касперский лабораториясынын" өкүлдөрү РБК сайтына хакерлер жарыялаган базада орусиялык колдонуучулар тууралуу маалыматтар бар болушу ыктымалдыгын билдирген.