Мырзаке - Алайкуу унаа жолуна түшкөн күрткү тазаланды
- Жолду Кара-Кулжа райондук Жол тейлөө мекемесинин техникалары тазалашты. Азыр жол ачык. Жолчулар күрткүгө батып калган автоунааны да чыгарууга жардам беришкен.
Мырзаке - Алайкуу жолуна түшкөн кар күрткүсүнөн улам 11 автоунаа жолдо калганын жергиликтүү тургундар маалымдашкан. Алардын айтуусунда машиненин ичинде жаш балдар да болгон.(ZKo)