"Эйр Манастын" Бишкек-Ош багытына 18-январдагы учуулары токтотулду
Аталган авиакомпания техникалык мүчүлүштүктөн улам ушундай кырдаал жаралганын "Азаттыкка" маалымдады.
"Жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайбыз. Аларга билеттин баасы толугу менен кайтарылат же башка каттамдар аркылуу учууга жардам берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Техникалык мүчүлүштүк качан оңдолору айтылган жок.
Жадыбал боюнча "Эйр Манас" авиакомпаниясы 19-январда да Бишкек-Ош-Бишкек багытында төрт жолу учушу керек. (SE)