Кочкоров: Майып балдардын жөлөк пулу 18-январдан тарта бериле баштайт
- Жыл башы болгондуктан, Финансы министрлиги каржылоону ачпай жаткан. Анын үстүнө сегиз күн майрам болуп калды. 16-январдан тарта каржылоо ачылды, райондорго акча жиберилди. 18-январдан тарта жөлөк пул бериле баштады, - деди Кочкоров.
Кыргызстанда отуз миңден ашуун майып бала бар. Алар ай сайын төрт миң сомдон жөлөк пул алышат.(ZKo)