Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө өтүнүч даярдалууда
“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга кесилген.
Кийин Маевский өзү Орусияда "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камакка алынганы маалым болду.
10-январда президенттик аппараттагы ырайым берүү маселесин караган комиссия экс-президент Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан. (RK)