Кадамжайда чагылган киши өмүрүн кыйды
Ага 19-майда Шыбыран жайлоосунда мал карап жүргөндө чагылган тийген. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгы да ырастады. Маркумдун кандай шартта каза болгону белгисиз.
Кыргызстанда чагылгандан адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да орун алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көп учурда чагылган адамдар телефон менен сүйлөшкөн учурда тийгенин маалымдаган. (JsA)