Догдурлар иш таштоону пландоодо
“Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фонду массалык маалымат каражаттарына үй- бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы көбөйдү деген жалган маалыматтарды берип жатат. Маянаны көтөрүү маселеси козголгондон бери беш ай өтсө да кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок. Элдин калың катмарына кызмат кылган үй-бүлөлүк догдурлардын 90 пайызынын мойнунда насыясы, карызы бар. Февраль-март айларында айлыкты көтөрчү индикаторлорду алып салып, орточо маяна 12 миң сомдун тегереги эле болуп калды”, - деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле дарыгерлер аймактардагы ооруканалардын эскилигин, кабинеттер жетпей, бейтаптар узун кезекке туруп жатканын, дарыгерге турак жай алуу үчүн жок дегенде 2 пайыздык насыяларды киргизүүнү талап кылышууда.
Буга чейин өкмөт 2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлыгы жогорулай турганын билдирген. (BCh)