Индонезиянын президенти Жоко Видодо шайлоодо жеңди
67 жаштагы Субианто шайлоонун жыйынтыктарына макул болбой, добуш берүү бурмалоолор менен коштолгонун билдирди.
Калкынын саны 260 миллионго жеткен Индонезияда президенттик шайлоо 17-апрелде өткөн. Бул шайлоо «дүйнөдөгү эң оор шайлоо» деп аталып калды. Анткени бир күндө 200 миллиондой адам президентти жана парламент мүчөлөрүн шайлаган.
Добуш берүүдөн кийин жалпы шайлоо комиссиясынын 92 мүчөсү каза болуп, 374ү ооруканага түшкөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ариф Будиман кызматкерлеринин өлүмүнүн себебин добуш берүү жана аларды саноо иштеринде иш убактысы бир күндөн ашык созулгандыктан алар алсырап, суй жыгылышканын билдирген.