Ипотекалык программага беш жүз миллион сом бөлүндү
Жыйында ипотекалык программа ишке киргенден тартып өкмөт аны каржылоого 4,8 млрд сомдон ашуун каражат бөлгөнү айтылды. Ал эми насыянын үстөгү 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленди.
Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемелерди иштегендерди үй менен камсыз кылуу максатында атайын программа кабыл алып, Мамлекеттик ипотекалык компаниясын түзгөн. Бирок насыянын шарттары бюджеттик кызматкерлердин капчыгына туура келген эмес. Буга байланыштуу өкмөт 2017-жылы мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да насыя берүүнү чечкен. Ал Германиянын грантынын эсебинен берилмей болгон.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын апрелдеги билдирүүсүнө караганда, ушул убакытка чейин 14 банк аркылуу насыя берилип, 16 миңге жакын жаран турак жай алышты. (NT)