Жаңы Зеландия: мечитке кол салган кишиге расмий айып коюлду
Жаңы Зеландиянын тарыхындагы эң кандуу калаба катары сөз болуп жаткан окуя 15-мартта болгон. Кылмышкер мечитке жума намазга чогулгандарды туш келди атып кирген.
Бул окуядан кийин парламент өлкөдө куралдардын айрым түрлөрүн колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. 28 жаштагы Таранттын иши боюнча соттук жараян 14-июнга белгиленди.