Кытайдын тышкы иштер министри расмий сапар менен Бишкекке келди
Жолугушууда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын июндагы саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапарын даярдоо тууралуу да сөз болду. Жыйынтыгында министрлер 2020-2021-жылдарда эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин кызматташтыгын жана жакынкы эки жылдагы негизги курсту аныктаган документке кол коюшту.
ШКУнун курамындагы мамлекет башчыларынын жыйыны быйыл 13-14-июнда Кыргызстанда өтөт. 2001-жылы түзүлгөн уюмдун курамына Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирет. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия байкоочу макамына ээ. (NT)