Бортников: 5 миңге жакын согушкер чек арада турат
Бортников «Ислам мамлекети» террор тобунун 5 миңге жакын согушкери Ооганстандын түндүгүндөгү аймактарга жер которгонун белгиледи.
Москва көп жылдардан бери согушкерлер Борбор Азияда кулачын жайып жатканы тууралуу коңгуроо кагып келет.
Коопсуздук боюнча айрым эксперттер Борбор Азиянын бийлиги колдоо сурап кайрылышы үчүн Орусия согушкерлердин санын дайыма көбөйтүп айтат деп эсептешет. АКШнын баасы боюнча, Ооганстанда «Ислам мамлекетинин» 2 миңге жакын согушкери бар.