Зеленский парламентти таркатуу планы тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады
20-майда инаугурациядагы сөзүндө Зеленский парламентти таркатып жатканын жарыялаган. Бүгүнкү жолугушуулардан кийин Зеленский парламентти таркатуу тууралуу буйрукка кол коюшу күтүлүүдө.
41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Петро Порошенкону ишенимдүү жеңген.
Конституцияга ылайык, жаңы парламенттик шайлоо буйрук чыккандан кийин эки айдын ичинде өтүшү керек. Зеленский беш жылдык мөөнөтүн баштап жаткандыктан, мөөнөтүнөн эрте шайлоо ага өз позициясын бекемдеп, Порошенконун тарапкерлерин экинчи планга жылдырууга мүмкүнчүлүк берет.