Шыгаев музейден сүрөттөрдү алганы аныкталды
- Негизинен комиссиянын тыянагы чыкты десек болот, - деди Бактыбек Секимов. - Комиссияда кызматтан алуу боюнча да сунуш бар болчу. Ошондуктан ал эмгек өргүүсүндө жүрүп арыз жазды деп уктум. Азыр эки сүрөттү эле тактадык. Эми комплекстүү текшерүү жүргүзөлү деп жатабыз. Анткени бул биринчи-экинчи учур болгонуна ким кепил боло алат? Ошондогу материалдарга карап балким укук коргоо органдарына кайрылабыз.
Анын айтымында, Юристанбек Шыгаев музейден жогоруда айтылган эки сүрөттөрдүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтарган. Эмгектерди Шыгаев көчүрмөсүн жасаш үчүн алганын, аларды кайра калыбына келтире турганын билдирген.
Юристанбек Шыгаев менен байланышуу азырынча мүмкүн болгон жок. (КЕ)