Футбол: Европа лигасынын финалдык таймашына бир нече саат калды
Англиялык ышкыбоздор Бакудагы олимпиадалык стадиондогу маанай чыныгы футболдук, алар көнгөндөй болбойт деп азыртадан эле нааразы. Анткени 70 миң орундуу аренага 6 миңдей эле билет сатылды.
Андан тышкары «Арсеналдын» алдыңкы оюнчусу армениялык Генрих Мхитарян талаага чыкпайт. Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаш-тартыш, чыңалуунун шартында футболчу Бакуга барбоону чечкен.
Матч жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.00дө башталат. (Бишкекте бейшемби, түнкү саат бир болот).
«Арсенал» акыркы жолу бул байгени 1994-жылы жеңген, турнирдин финалына болсо 2006-жылы чыккан.
Ал эми 1-июнда Мадридде англиялык дагы эки клуб «Ливерпуль» менен «Тоттенхем» Чемпиондор лигасынын финалында таймашат.