Иран: журналист Юлия Юзик визасына байланыштуу кармалган
Буга чейин Юлия Юзик Израилдин атайын кызматтары менен байланышы бар деп шектелип жатканы кабарланган.
Юлия Юзик өткөн аптада Тегеранда камакка алынган. Журналист Иранга жеке чакыруу менен келген. Анын паспортун аэропорттон түшөрү менен эле алып коюшкан жана өлкөдөн чыгып баратканда кайтарылып берилерин айтышкан.
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Тегерандан Юлия Юзиктин кармалышы тууралуу түшүндүрмө талап кыларын айткан.
Юлия Юзик - жанкечти аялдардын тагдырын, Беслан трагедиясын баяндаган китептердин автору. 2016-жылы Мамлекеттик Думага депутаттыкка да ат салышкан.