Кыргызстан Кытайга «Торугарт» чек ара бекети боюнча өз сунушун берди
Онлайн өткөн жыйында кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирди.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети 8-июндан тарта иштей баштарын маалымдаган.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда автомобилдик эки өткөрмө бекети бар - Ош облусундагы «Эркечтам» жана Нарын облусундагы «Торугарт». Экөө тең коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган.
«Эркечтам» Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тарта ишин уланткан. (TSh)