Добавить новость
World News



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Серб ырчысы Жорже Балашевич дүйнөдөн кайтты

Таанымал серб ырчысы Жорже Балашевич  19-февралда коронавирустун айынан көз жумду. Сербия бийликтери жана мурдагы Югославиянын көркөм өнөр өкүлдөрү жана кеңири коомчулугу терең кайгырууларын билдирүүдө. Анын сөөөгү 22-февралда жерге берилмекчи.



Даңазалуу серб ырчысы Жорже Балашевич жума күнү, 19-февралда, COVID-19 илдетинин айынан 67 жашында каза болду. Бул тууралуу Сербиянын мамлекеттик сыналгы каналы ошол эле күнү билдирди.






Акын, ыр аткаруучу, обончу, стэнд-ап куудулу, режиссер жана коомдук ишмер Жорже Балашевич (сербче: Ђорђе Балашевић; 11.5.1953 – 19.2.2021) мырза 1990-жылдары Югославия таркагандан кийин дагы бүткүл мурдагы Югославия аймагында сүйүктүү ырчы катары кала берген.



Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич (Ana Brnabić) ырчы, коомдук ишмер, маркум Жорже Балашевичтин үй-бүлөсүнө өкмөттүн атынан жана өз атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.



"Биз Балашевичке көптөн-көп карыздарбыз жана анын ырларын түбөлүккө эстей бермекчибиз, анткени көркөм өнөр эч мезгилди тааныбайт, чек араны билбейт жана эч качан токтоп калбайт", – деди Брнабич. Анын бул билдирүүсү Сербия өкмөтүнүн интернет барагында жарыяланды.



Сербиянын Маданият жана маалымат министри Майя Гойкович “чөлкөмдөгү эң ири композиторлордун бири, белгилүү музыкант, аткаруучу жана лирик Жорже Балашевич арабыздан эрте кетти”, – деп билдирди.






– Анын музыкасы менен бир канча муундар телчигип жетилди. «Паннония деңизчисинин» арабыздан кетиши менен, музыка чөйрөсү бир улуу музыканттан айрылып, жакырдана түштү. Эми ал өзү жараткан обондуу ырлары менен эсте калат, – деп Гойкович айым «Instagram» барагындагы аза бөлүшүү катында кайгырып жазды.



Өнөрпоз жана коомдук ишмер туулуп эскөн сербиялык Нови Сад аймагынын өкмөт башчысы Игор Мирович Балашевичтин өлүмү "орду толгус чоң боштукту" калтырды деп билдирди.



Мирович Балашевичтин үй-бүлөсүнө жиберген өзүнүн көңүл айтуу телеграммасында: "Жорже Балашевич өзүнүн поэзиясы жана музыкасы менен биздин өлкөдө гана эмес, бүтүндөй чөлкөмдөгү көркөм өнөр чөйрөсүндө түбөлүк өчпөс из калтырып кетти", – деп жазды.






Жорже – теги боюнча серб болгон Йован Балашевичтин жана жарымы венгер, жарымы хорват тектүү Вероника Доленецтин уулу.



Чоң атасынын тегаты (фамилиясы) “Балашев” болгон, бирок Жорже өзү православ христиан болгондуктан жана "венгрлешүүдөн" сактануу үчүн 1971-жылы тегатын “Балашевич” деп өзгөрткөн.



Жорже Сербиянын Нови Сад (бул шаардын мажарча аталышы - Уйвидэк; Újvidék)  шаарындагы Йован Цвиич көчөсүндө чоңоюп өскөн.


Ал мектептин башталгыч классында окуп жаткан кезинде эле ыр жаза баштаган. Орто мектепти сырттан окуп аяктаган.



Жорже университетке география адистиги боюнча («кирүү сынагында математика сабагы жок экен» деген жүйөө менен) тапшырып, бирок жогорку жайдагы окуусун таштап салган.


1977-жылы студенттик турмуштун ордуна ал башка өнөрпоз жаштар менен чогуу “Жетва” (“Түшүм жыюу”) деген топту түзгөн.



Бул эстрадалык топтун “Мен бул бөлүмдө сени сүйөм” (“У раздељак те љубим”) деген алгачкы пластинкасы федерациялык өлкөдө 180 миң нускада сатылып, дароо эле Балкандагы славян калктарында даңазага жеткен.






Бирок бир жылдан кийин ал Верика Тодорович менен бирге “Рани мраз” (“Таң салкыны”) деген жаңы топту негиздеген.



Ал 1980–82-жылдары югослав армиясында кызмат өтөгөн. 1982-жылдан тартып жекече концерттер менен чыга баштаган.



Жорже жумшак илептеги поп музыкасы, тамашалуу ырлары жана тынчтык сүйүүчү маанайы менен көп этностуу калайыктын сүймөнчүктүү ырчысына айланган.




Балкандагы 1990-жылдардагы мурдагы Югославияны камтыган согуш маалында ал Сербиянын лидери, ашынган улутчул саясатчы Слободан Милошевичти кескин сынга алып, айрым учурларда ачык келекелеп турган жана жалпы калкты тынчтыкка жана биримдикке чакырган.



 




Ал согуштан кийин Босниянын борбору Сараево шаарына келип концерт койгон алгачкы серб өнөрпозу болгон. Согуш маалында дал ушул Босния аймагындагы Сребреница жергесинде серб улутчулдары мусулмандарга кыргын уюштурган болчу.


Балашевичтин Босния-Герцеговина жумуриятындагы бул концерти ар кыл этносторду согуш жараатынан арылтып, ынтымакка чакыруу мүдөөсүн көздөгөн.




Дал ошондуктан 1996-жылы ал БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын изги ниет элчиси болуп калган.



1998-жылы “Вашингтон пост” басылмасы Балашевичти 1990-жылдардагы согушта азап чеккен Босниядагы концерттери жана пацифисттик жалындуу ырлары үчүн Боб Диланга салыштырган.

 






Тасма. Жорже Балашевичтин 2005-жылдагы “Менин дарак тамырымды кыркпагыла” (“Ne lomite mi bagrenje”) аттуу концерти. Бул ырда сот адилеттигин камсыз кылуу чакырыгы ташталган.



Балашевич Сербиянын түндүгүндөгү Воеводина автономиялык аймагынын борбору болгон Нови Сад шаарындагы ооруканага 16-февралда өпкө кагынынан улам жаткырылган. Анын негизги илдети коронавирус экендиги аныкталган.



Сербиянын мамлекеттик РТС (RTS) сыналгы каналы ырчы Балашевич 19-февралда Воеводинанын клиникалык борборунда көз жумганын маалымдады.



Нови Сад жергесинен чыккан чыгаан өнөрпоздун артында аялы Оливера, үч баласы, неберелери жана өлбөс-өчпөс обондуу ыр мурасы калды.




Балашевичтин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарга бүткүл мурдагы Югославиядагы калайык кайгырып жатат. Анын туулуп-өскөн шаарындагы тургундар маркумдун элесин эскерип улам жаңы гүлчамбарлар, гүлдестелер коюшууда.



Нови Сад шаарынын мэри Милош Вучевичтин айтымында, Воеводина автономиялык аймагынын бийлиги Жорже Балашевичтин сөөгү коюла турган күндү – дүйшөмбүнү (22-февралды) «Аза күтүү күнү» деп жарыяламакчы.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России