Украина Орусиянын “Спорт мастер” ишканасын “кара тизмеге” киргизди
“Кара тизмеге” ошондой эле орусиялык "БИОТЭК" фармацевтикалык холдинги, Севастополдогу мамлекеттик университет, мунай иштетүүчү завод жана башка ишканалар кирди. Булардын көпчүлүгү украиналык саясатчы Виктор Медведчук менен анын жубайы Оксана Марченкого таандык. Жубайлардын өздөрү да “кара тизмеге” киргизилген.
Орус президенти Владимир Путиндин жакыны катары саналган Медведчуктун “кара тизмеге” киргизилишин АКШ колдоого алган. Расмий Вашингтон Медведчукту 2014-жылы эле Украинанын бүтүндүгүнө шек келтиргени үчүн “кара тизмеге” киргизген.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Медведчукка карата украин бийлигинин кадамын “кооптуу маалымат” катары сыпаттаган.