Бишкекте коррупцияга каршы тынч жүрүш болду
Жүрүш темир жол бекетинин алдында башталып, борбордук аянтка чейин уланды.
“Баштан башта” кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүндүн “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жүрүштү жарандык коом уюштурууда.
"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (ZKo)