Добавить новость
World News

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Калктын дээрлик жарымы эмделген Израилде турмуш жанданат

Израил 21-февралдан тартып өз экономикасынын бир катар тармагын жандантты. Өкмөттүн айтымында, кадыресе режимге кайтып келүү “COVID-19” илдетине каршы эмдөө жүрүмүнүн өлкөдөгү калктын дээрлик жарымын камтыганга жетишүүсүнүн аркасында ишке ашты.



21-февралдан тартып Израилдеги дүкөндөр бардык тургундарга ачылды. Бирок спорт залдар, мейманканалар жана театрлар сыяктуу эс алуу жайларына вакцинанын эки дозасы менен бир жумадан ашуун убакыт мурда эмделгендер же коронавирустан айыгып, иммунитети пайда болду делген кишилер гана кире алышат.


Бул топтордогу кишилер өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин интернеттеги тиркемесинде жарыяланган "Жашыл паспорт" макамына ээ болушат.



Израилде, бирок, беткап тагынуу жана социалдык аралыкты кармоо эрежелери мындан кийин деле күчүндө кала бермекчи. Банкет залдарында бийлөөгө тыюу салынган.


Синагогалар, мечиттер же чиркөөлөр өз жамааттарын демейдеги жыйналгандагы көлөмдөн эки эсе азайтууга милдеттүү.






Израилдеги коронавирустун биринчи даректешкен учурунан туура бир жыл өткөндөн кийин, дал ушул жекшемби күнкү карантиндик ооздуктоолорду жеңилдетүүнүн саясий орду да бар экендиги айтылууда: премьер-министр Биньямин Нетаньяху келээрки айдагы кайрадан шайлоого даярданып жатат. Март айында өлкө экономикасы мындан да кеңири ачылаарын өкмөт пландоодо.



"Биз алып келген миллиондогон вакциналардын көмөгү менен өлкөбүз өзүн-өзү жандандырып жаткан дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды", – деп Нетаньяху “Твиттереги” барагында жазды. – "Эмделдиңизби? Анда Сиз “Жашыл паспортко” ээ болуңуз да, демейдеги жашоого кайтып келиңиз".




 


Ал эми өзүнүн өкмөт башчы катары расмий “Твиттер” барагында Нетаньяху мырза саламаттык сактоо министри Юлий Эдельштейн менен чогуу Петах Тиква шаарындагы бир спорт залга 20-февралда башпагып, жекшембиден тартып бул зал “Жашыл паспорт” программасынын шарттарына ылайык ачыла тургандыгын айтканы чагылдырылды:



– "Жашыл паспорт” эми акырындык менен өлкөнү ачып жатат. Байболгурлар, бул программаны колдонуңуздар. Ал – Сиздер үчүн, – деди Израилдин өкмөт башчысы.



“Рөйтерс” кабар агенттигинин маалымдашынча, Израил бийлиги 9 миллион калкынын 46%дан ашуун бөлүгүн Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19 вакцинасынын жок дегенде бир дозасы менен эмдегендигин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.


COVID-19 илдетинин коркунучу вакцинанын эки түрүн тең алган адамдардын арасында 95,8%га төмөндөгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 20-февралда билдирди.






Өлкөдө коронавируска чалдыгуу боюнча 744 миңден ашык учурлар катталып, 5526 киши бул оорудан улам каза болушкан. 21-февралдын таңындагы маалыматка караганда, бул өлкөдө акыркы күн-түнү коронавирус менен байланыштуу жаңы оорулуу катталган эмес.


Кээде Нетаньяхунун өкмөтү үч жолу карантин киргизгендиги үчүн сынга да алынып келген. Айрым эскичилдер дагы эле карантин шарттарына каршы нааразылык билдирип келишет. Өкмөт эми төртүнчү ирет жалпы карантин киргизүү чарасы болбойт деп убада берди.






Бирок өлкөнүн пандемияга каршы күрөшүү боюнча жооптуу дарыгери Нахман Эш “Армия” үналгысына курган маегинде карантин дагы бир жолу "киргизилип калышы ажеп эмес... Калктын жарымы дагы деле иммунитетке ээ эмес да", – деп ачык айтты.






Орто мектептердин башталгыч класстарынын жана эң жогорку эки классынын окуучулары тазалык эрежелерин сактоо шарты менен сабакка бара башташты. Башка класстардын окууулары келээрки айдан тартып сабакка келүүгө уруксат алышат. Алар дээрлик бир жыл бою сабакка аралыкта онлайн тартибинде окуп келишти.






Тасма. Карантинди киргизүү аракеттери маалы. Израиль. 2020-жылдын 7-апрели.



Коронавирус алааматы башталган чакта, жөөттөрдүн айрым эскичил диний топторунун өкүлдөрү өкмөттүн карантин чараларына каршы чыгып, ал тургай карантиндин эрежелерин күчтөп киргизип жаткан полиция жана аскерлер менен кагылышууга чейин барганы маалым.



Эми болсо Израил дүйнөдөгү коронавируска каршы иштиктүү чаралар көргөн өрнөктүү өлкөлөрдүн алдыңкы сабына чыкты жана анын тажрыйбасын дүйнө коомчулугу кылдат үйрөнүүдө.


Израил быйыл марттын аягына чейин 16 жаштан жогорку курактагы бардык жарандарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүнү аяктоону көздөп жатат. Бул натыйжа тарыхый бурулуш учурду көрсөтүүгө тийиш. Төгөрөктүн төрт бурчундагы башка өлкөлөрдүн бийликтери да пандемиянын алааматын жеңүү үчүн кандай саясат жүргүзүү алгылыктуу экендигин талдоо үчүн үлгүгө ээ болушат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России