ЖККУ аскерлери Казакстандан кайтууда
Мындан тышкары дагы эки учак аскерлер Москванын четиндеги "Чкаловский" аэродромуна конду.
Орусиянын учактары менен Армениянын, Белорустун жана Тажикстандын аскерлери да өз өлкөсүнө кайра жеткирилди, Кыргызстандан баргандар 14-январда өз алдынча кайтып келишти.
Казакстанда газдын баасын төмөндөтүү талабы менен 2-январда тынч митингдер башталган. Президент 5-январда өкмөттү иштен кетирген жана акцияга чыккандардын талаптары аткарыларын, экономикалык реформалар жүргүзүлөрүн убада кылган. Кийин митинг өтүп жаткан Алматыда башаламандык чыгып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын айтып, ЖККУдан жардам сураган. 11-январда президент Токаев ЖККУнун миссиясы аяктаганын билдирген.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери Казакстандан 19-январга чейин чыгарылып бүтөт. (RK)