Каркырада кармалган кыргызстандык боюнча жооп боло элек
22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева окуя 10-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кетип, аны казак чек арачылары кармап кеткенин айтып, 14-январда президент Садыр Жапаровдон аны кайтарууга жардам сурап кайрылган.
УКМКнын Чек ара кызматы Казакстандын чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирген.
Маселени 12-январда Жогорку Кеңеште депутат Акылбек Түмөнбаев да көтөрүп чыгып, анын сунушу менен тиешелүү мекемелерге тапшырма берилген.
Кыргыз парламенти 2002-жылы Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан. (RK/KS)