Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан мелдешке Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, белгилүү хоккейчи Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов катышат.
Чемпионат пандемиядан улам 2020-жылы өтпөй калган. IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүүчү спорттук мелдеш. (TSh)