Депутат Чолпон-Атада саркынды суунун көлгө куюлуп кетүү коркунучун айтты
“Ошол жерден чыккан суу топтолуп туруп эле элге кетип жатат. Кара-Ой айылынын үстүнө кетип жатат. Ал жерден оору чыкпайт деп ким кепилдик берет?” – деди депутат.
Депутат Максатбек Сарыбагышевдин маалыматына ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууну чыпкалоочу Суу канал ишканасы 1986-жылы курулуп баштап, толук бүтпөй калган. Бирок, учурда иштеп жатат. Ишкана көлдүн 35 чакырымында жайгашкан 150дөй эс алуучу жайдын саркынды суусун чыпкалайт.
Комитет жыйынына катышып жаткан Чолпон-Ата суу канал ишканасынын директору Махмуд Турдахунов эки насостук станциянын бири көлдүн жээгине жакын 150 метрде жайгашканын билдирди. Турдахунов сууну сордуруп алуучу айрым тетиктер эскилиги жетип, насостор авариялык абалда экенин тастыктады. (TSh)