Добавить новость
World News



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Милиция кызматкеринин киши колдуу өлүмү, сот чечимине нааразылык

Туура бир жыл мурда Алайда киши колдуу болгон милициянын 32 жаштагы лейтенанты Нурланбек Эркуловдун туугандары  соттун чечимине нааразы болууда. Алар өткөн аптада маалымат жыйын өткөрүп, кармалган үч кишинин экөө гана соттолуп, үчүнчүсү эркиндикте жүргөнүн айтып чыгышты. Милиция иш мыйзамдуу тергелип, сотко ашканын белгилеп жатат.


Милиция кызматкеринин өлүмүнө шектелип жаткан Илгиз Черикчиев менен Бектурсун Салимжан уулу ар бири 15 жылдан соттолгон.  Өкүмдү Ош шаардык соту 14-февралда чыгарды.


“Аталган эки жаран тергөөдө коюлган берене, тактап айтканда Жазык кодексинин 130-беренесинин экинчи бөлүгү ("Адам өлтүрүү") боюнча айыптуу деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган”, - деди облустук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы.


Маркумдун атасы Ибрагимжан Эркулов баласынын өлүмүнө шектүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылууда. Ал шаардык соттун чечимин адилетсиз деп эсептейт:




“Баламды мыкаачылык менен өлтүргөн адамдарды сот 15 эле жылга эркинен ажыратты. Мен алардын өмүр бою эркинен ажыратылышын каалайм. Анткени, менин уулум күч түзүмүндө иштеген адам болчу. Аны атайлап өлтүрүшкөн”.



Ош облустук сотунун өкүлү  нааразы тарап 30 күндүн ичинде жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылса болорун билдирди.




Нурланбек Эркуловдун өлүмүн ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгы тергеген. Маркумдун жакындары кылмышка шектүү үчүнчү адамды суракка чакырып, жоопко тарткан эмес деп тергөөгө нааразы.


“Тергөө жүрүп жаткан учурда биз уулумду жерге берип кайгырып жүргөнбүз. Ошол мезгилде тергөө иштери жакшы жүрбөй, кылмышка тиешеси бар адамдар толук суракка алынган эмес. Баламды өлтүргөндөр башында сүйлөшүп алышып, кылмышты бирөө моюнуна ала турган болуп, калганы кылмышка тиешеси бар адамдардын атын жашырышкан. Кийинчерээк үчөөнүн ортосунда келишпестик болгон. Ошондон кийин Эрназар аттуу адамдын баламдын өлүмүнө тиешеси бар экендигин айтып чыгышкан. Бирок ага карата кылмыш иши бүгүнкү күнгө чейин козголбой келет”, - деди маркумдун атасы Ибрагимжан Эркулов. 




Жабырлануучу тараптын адвокаты Болот Баетов да сот чечимин адилетсиз деп баалады:




“Прокуратура соттон айыпталуучуларды өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Ал эми сот 15 жылдык өкүм менен гана чектеп койду. Жогорудагы кылмыш өзгөчө мыкаачылык менен болгон. Мындан сырткары маркум милиция кызматкери болуп жатат. Тергөөнүн жүрүшү дагы башкача жагдайда кетип калган. Кылмыш болгон жерде үчүнчү адамдын болгону тууралуу күбөлөрдүн дагы көрсөтмөсү бар. Мындан улам биз кайра башынан тергөө жүргүзүлсүн, үчүнчү адам дагы жазалансын деп сотко өтүнүч менен кайрылдык. Бирок сот өтүнүчүбүздү канааттандыруусуз калтырып койду. Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык, эгерде соттук териштирүүдө жаңы кылмыш аныктала турган болсо, тергөө жүрүшү керек деп көрсөтүлгөн. Эми биз облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылабыз. Ал жерде биз жогоруда аталган эки кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратып берүүнү суранабыз. Кылмышка тиешеси бар деген үчүнчү жаранды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен дагы кайрылабыз”.






“Сот көп жагдайды эске алган жок”


Алай районунда участкалык милиция кызматкери болуп иштеген 32 жаштагы Нурланбек Эркуловдун сөөгү 2021-жылдын 28-январында Гүлчө айылында табылган. Анын киши колдуу болгону аныкталып, кылмыш иши козголгон. Соттук материалдарда маркум менен соттолуучулар тааныш экени, алар чогуу отурган кезде чыр чыгып, ал мушташка айланып кеткени айтылат.


Соттолуучулардын биринин адвокаты Кемербек Бердибаев айыпталган тарапка карата тергөө акыйкат жүрбөдү деген ойдо: 




“Мен жактап аткан Бектурсун Салимжан уулу маркумду ким чаап өлтүргөндүгү боюнча түздөн-түз көрсөтмө берип жатат. Үчүнчү адам бар эле деп. Андан сырткары урушту ким баштаган, уруш эмне себептен келип чыкканын айтты. Маркум менен соттолуп жаткан Илгиз Черикчиев экөө урушуп кеткенин көргөнүн, Илгиз Черикчиев менен кылмышка тиешеси бар деген үчүнчү адам маркумду уруп жаткандыгын көрдүм деп көрсөтмө берди. Бектурсун Салимжан уулу  "мен өлтүргөндө болгон эмесмин, бирок өлүктү жашыруу боюнча күнөөмдү моюнума алам, кылмыш жоопкерчилигине дагы макулмун, бирок өлтүрдү дегенге макул эмесмин, өлтүргөн адам сыртта калып кетти" деп жатат. Бирок сот өкүм чыгарууда бул жагдайларды эске алган жок. Биз эми облустук сотко кайрылабыз”.


Сөз болуп жаткан Бектурсун Салимжан уулу 15 жылга соттолгон. Анын эжеси Айдана Мусабаева инисине коркутууулар болуп жатканына токтолду: 


“Башынан эле тергөө иштери жакшы жүргөн жок. Ошол жерде катышкан канча адам болсо ошолордун баары тергелиши керек болчу. Баары ошондо эле чет мамлекетке чыгып кетти. Эмне себептен кылмышка тиешеси бар делген үчүнчү адамды эки күн камап туруп анан чыгарып жиберишет. Мен ишти башында тергеген Тариэл Насиев аттуу тергөөчүгө каршы арыз жазам. Мага дагы калыстык керек. Менин иним өлтүрбөй туруп эле жөн эле 15 жылга камалып кете береби? Өлтүргөн адам башка болуп жатса эмнеге менин иним кетиши керек? Ал адам жоопко тартылбай эркиндикте жүрөт. Инимдин айтуусунда ал ошол замат милицияга кабар берүүнү каалаган. Бирок кылмыш катталган жерде болгондор аны коркутушкан. Азыр да аны коркутуп жатышат”.


Соттолгондордун бири Илгиз Черикчиевдин туугандары менен байланышууга мүмкүн болбоду. Ал эми анын адвокаты маалымат берүүдөн баш тартты.

Ички иштер министрлиги болсо кандуу окуядагы үчүнчү киши тергөө ишине тартылбай калган деген дооматтарга макул эмес. ИИМдин басма сөз кызматынын инспектору Адинай Шаршеева мындай маалымат берди:


“Үчүнчү жаран күбө катарында суралып, киши өлтүрүү фактысы боюнча негизги күбө катары өткөн. Ишти прокуратура мыйзамдуу деп таап, айыптоо корутунду бекитилип, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Ал эми маалымат жыйында айтылган дооматтар боюнча сот жана прокуратура органы тарабынан баа берилет. Ошондой эле соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү боюнча милиция комментарий бере албайт”.


Каза болгон милиционердин жакындары президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, күнөөлүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууга жардам берүүнү суранып жатышат.


Кырчындай курагында өлгөн Нурланбек Эркуловдун артында жубайы жана эки баласы калды.


Алмира Абидинова 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России