Добавить новость
World News

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Тажик милициясы аралашкан маңзат соодасы

Баткен облусунда Тажикстандын эки жараны 33 кг баңгизат менен кармалды. Алардын бирөө коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкери экени белгилүү болду. Тажик тарап бул окуя боюнча комментарий бере элек.


Тажикстандын эки жараны кармалды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маңзат ташууга шек саналып кармалган Тажикстандын эки жараны улут аралык баңгитобунун мүчөлөрү экенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ооганстандан өндүрүлгөн баңгизатты Тажикстандан Кыргызстанга ташып келип, кийин Казакстанга алып чыгуу менен алектенген топтун мүчөлөрү дыкат даярдыктан өтүп турушкан. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен кызматташып, баңгитобун жетектеген адамды аныктаган.


“Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) алкагында бул ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улут аралык баңгитобунун бардык мүчөлөрү кармалды. Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу Тажикстандын жараны 1960-жылы туулган О.А. жана шериги Тажикстандын жараны 1982-жылы туулган И.М., Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкери, милициянын улук сержанты кармалды”, - деди ИИМдин басма сөз кызматкери Адинай Шаршеева.




Шектүүлөрдөн Ооганстандан өндүрүлгөн делген 11 кг 299 грамм апийим жана 21 кг 942 грамм гашиш алынган. Экөөнүн жалпы салмагы 33 кг 241 грамм. ИИМ ушул тапта бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.


Кармалгандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Министрлик бул кылмыш ишине байланыштуу дагы канча киши кармалганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.


ИИМ атайын операцияда тарткан фото, видеолордон Тажикстандын кармалган милиция кызматкеринин кызматтык күбөлүгүн көрүүгө болот. Күбөлүк милициянын улук сержантына берилгени жана анын жарактуу мөөнөтү 2025-жылга чейин экени жазылган. Тасмага анын табелдик куралы да тартылган. Тажик тарап бул окуя боюнча комментарий бере элек.




“Түндүк маршрутунда” гүлдөгөн баңги бизнеси

Кыргызстанда баңгизат саткан, ташыган адамдар кармалганы тууралуу кабарлар күндө күн алыс эле чыгып турат. Бирок бул жолу коңшу өлкөнүн милиция кызматкери колго түштү. Жогорку Кеңештин депутаты, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов Баткенде Тажикстандан келген баңги аткезчилиги буга чейин да болуп келгенин, аны калкалаган адамдар азыр да бар экенин айтууда.


“Баңги аткезчилигин бирөө коргобосо аны менен алектенүү өтө кыйын. Аларга жол ачып берген чоң топ бар. Кармалып калганына караганда милиция кызматкери катардагы эле аткаруучу кишилердин бирөө окшойт. Биринчи маңзатты ташуунун жолдорун табышат да кийин аны калкалай турган адамдарды издешет. Баңгизатты ташуунун табияты ушундай”.


Дагы бир жагдай, баңгизаттын ири партиясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бекеттери жабык турган тапта кармалды. Кыргызстан коңшу өлкө менен болгон чек ара чырына байланыштуу 2021-жылдын майында Тажикстан менен чек арасын толук жапкан.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) былтыр май айында Борбор Азия аркылуу Жакынкы Чыгыштан Европага багытталган жарым тоннадай баңгизатты кармаган. Бул жол “Түндүк маршрут” деп аталып, Ооганстандын героини Тажикстандан Кыргызстан аркылуу, Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар менен тарайт деп айтылып келет.


ИИМ 13-июнда эле Баткенде Европага баңгизат жеткирүүнү көздөгөн Ооганстандын жараны кармалганын билдирген. Анын жанынан жети килограммдай героин жана тогуз килограммдан ашык гашиш маңзаты табылган. Ал баңгизатты Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө жеткирүүнү көздөгөнү аныкталган.


“Кызыл героиндердин” соодасы

“Борбор Азиядагы наркосаясат борбору” коомдук фондунун жетекчиси, эксперт Александр Зеличенко Тажикстан аркылуу агылган ооган баңгизаты тууралуу пикири менен бөлүштү.




“Укук коргоо кызматкерлери баңги соодасына аралашып кеткенин бир нече жылдан бери айтып келатабыз. Ал эле эмес “кызыл героин” деген терминди киргизгенбиз. Бул түз мааниде өңдүн түсү эмес милиция кызматкерлеринин маңзат бизнесине кирип кеткенин түшүндүрөт. Кыргызстанда акыркы учурда мына ушундай иштерге аралашкан кызматкерлерден тазалануу жүрүп жатканын көрүп атабыз. Тажикстанда героиндин агымы көп болгондуктан, ал жакта да милиция кызматкерлери мыйзамсыз бизнеске кошулган окуялар бар. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачык кезде Кыргызстанга турмуш-тиричилик, тамак-аш продукциялары менен кошо баңгизат да ташылып келчү. Бир топ убактан бери чек ара жабык турат. Тажикстанда маңзат сатуу менен шугулдангандардын иши жүрбөй калгандыктан алар жергиликтүү бийликке басым көрсөтүп, чек араны ачуу боюнча талап койгону тууралуу маалымат бар. Анан милиция кызматкерлери ушундай абалды пайдаланып кетет да”.


Ошто 2-апрелде шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн (УККБ) башчысы жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери бир килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизаты менен колго түшкөн.


Коопсуздук жаатындагы мурдагы вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев баңги соодасы айрым учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чырга да себепчи болорун билдирди.




“Мен чек ара маселеси боюнча алектенип жүргөндө деле айткам. Чек арада чыр чыккан айрым окуяларга баңги бизнеси менен алектенгендердин катышы болушу мүмкүн. Себеби алар чек арада ок атып укук коргоо органдарынын, чек ара кызматынын көңүлүн башка нерсеге бөлгөнгө аракет кылышат. Ошол маалда анча белгисиз башка жол менен алып өтүүнү максат кылышат”.


2020-жылы Кыргызстанда баңгизатты мыйзамсыз ташуу, алып жүрүүгө байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 кг. баңгизатын алган. 2021-жылы 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 кг. маңзат алынган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России