Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын медал тагынды
Маалыматка ылайык, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан.
Ал мелдештин 1/16 финалынан баштап катышып, катары менен төрт жолу жеңишке жеткен. Германиялык балбанды 2:0 эсебинде, венгриялык спортчуну 10:0 ири эсебинде уткан. Чейрек финалда орусиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда бразилиялык спортчуну 5:2 эсебинде жеңген.
Алтын байге үчүн беттеште болгариялык спортчу Биляна Дудованы 2:1 эсебинде жеңип алды.
Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан Polyak Imre & Varga Janos Memorial эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.
Айсулуу Тыныбекова апрель айында Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын байге уткан. Ал бул жетишкендиги менен кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды.(КЕ)