Ош-Эркечтам жолунда үч студент кыз каза тапты
Мекеме билдиргендей, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу кыз каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жеңил автоунаадагы алты адамдын үчөө көз жумган, калган үч киши ооруканага түшкөн. Жараат алгандардын абалы тууралуу маалымат бериле элек.
Жол кырсыгына кабылган студенттер Ош мамлекеттик университетинде окуганы айтылууда. Алар Чыйырчык жайлоосунан келе жаткан.
3-сентябрда да Ош-Эркечтам жолунда төрт кишинин өмүрүн алган кырсык катталган.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда жыл башынан берки алты айда 3 миңден ашуун автокырсык катталып, анын 820сында балдар жабыркаган.
Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза тапкан, анын 38и балдар. (DSh)