Дүйнөлүк банк Кыргызстандын мугалимдерине техникалык жардам көрсөттү
Ар бирине лицензиялык программалоо орнотулган, атайын өзүнчө баштыкка салынган ноутбуктар министрликтин жергиликтүү бөлүмдөрүнүн башчыларына таркатылып берилет. Алар аркылуу окуучунун билим деңгээлине, окутуу сапатына көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп турууга, мугалимдердин IT платформаларда иштөө жөндөмүн жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорттук зал ачылды. 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде. (RK)