Добавить новость
World News



Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Жогорку Кеңеште Камчыбек Ташиев менен Султанбай Айжигитов кайым айтыша кетти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов 19-мартта парламенттеги комитеттердин биргелешкен жыйынында кайым айтыша кетти. Ташиев Айжигитов боюнча маалымат чогултканын жана ал дээрлик беш жылдын ичинде Баткенге тогуз жолу барганын, 2022-жылдагы чек ара чатагы маалында барбаганын айтты.

Ташиев бул “депутаттын кайрылуусу боюнча жооп” экенин белгилеп, Айжигитовдун атайын кызматта иштеген кези боюнча маалымат алганын тактады.

Ал жерде алты жыл иштегенин, “болгону бөлүм башчылык кызматка чейин жеткенин, чоң кызматта болбогонун”, “чоң эмгегине караганда ал боюнча териштирүүлөр көп экенин” кошумчалады.

“Сиз 2017-жылы бир баланы уруп коюп, бир туугандарыңыз жалаң сот системасында иштейт экен, алар “бейбаштык” деген беренени өзгөртүп, мөөнөтү өттү деп, сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон турбайбы. Бирок сиз өзүңүздүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганыңыз тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына бербепсиз. Мен муну карап чыктым. Эртең Султанбай Абдирашитовичтин мандатын алып койсо, таң калбаңыздар. Мен аларга өтүнүч жөнөтүп, ушундай аныктама барбы десем, аларда жок экен”, - деди Ташиев.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу БШКга маалымат берүүгө милдеттүү экени мыйзамда жазылганын, бул тууралуу маалыматтар аныкталган чакта депутат мандатынан ажыратыларын кошумчалады.

БШК Айжигитовдун мандаты боюнча маселени буга чейин карамак болгондо Ташиев аны токтотуп калганын, “мындай чечимди коомчулук кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин ратификацияланышына байланыштырарын” айтты. Ал демаркациялоо процесси толук аяктаган соң БШКга кайра кайрыларын билдирди.

Айжигитов чек ара маселеси боюнча буга чейин айткан позициясынан кайтпай турганын белгилеп, Ташиевдин ага койгон дооматын толугу менен четке какты.

“Баланы сабап койгонум боюнча чын болсо, кана ошол видео далилдер? Аны көгөртүп, муунтуп, тепкилеп салгандай айтып жатасыңар. Ошол экспертизанын далилдери каякта? Бул жөн эле сөздөр. Мугалимдердин айтышы боюнча да “өзүбүз көргөн жокпуз, ушинтип айтышты”. 6-5-класс балдардын да көрсөтмөлөрү туура эмес. Мунун баары уюштурулган чагым. Ошол убакта аялым ата-энелерден акча чогултуу туура эмес экенин айтып чыкканда баламды куугунтукка алышкан. 3-4 бала менин уулумду тоноп жүрүшкөн. Ошонун артынан балам бир жыл дарыланды. Буга ким жооп берет? Мен ал нерсени ошол замат эле жаап койсом болмок. Бирок мен принципке салып, аягына чейин бардым. Ал жерде 5 миллиард сомдой айланарын, буга милиция кызматкеринен баштап, сот, прокурорлор да аралашып кеткенин далилдедим. Тергөөчүлөр менин мойнума эч нерсе коё албай, бир жылга жакын созуп жүрүштү. Аягында мунун мөөнөтү өтүп кетиптир деп соттон бул ишти жапкан. Тагыраагы, менде эч кандай соттуулугум жок. Каттоодо да бул тууралуу маалымат жок”, - деди Айжигитов.

Ушундай эле жагдай Ташиев жана президент Садыр Жапаров боюнча да болгонун, анда “мамлекеттин деңгээлдеги иш болгонун, кийин соттуулук алынганын” белгиледи.

Ташиев бул эки башка жагдай экенин айтты.

Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген.

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган.

Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айтып, Айжигитовдун сөзүн четке каккан.

Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.

Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media









103news.com — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 103news.com.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.

Другие популярные новости дня сегодня


Новости 24/7 Все города России



Топ 10 новостей последнего часа



Rss.plus


Новости России







Rss.plus
Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России