Таласта жер титирөөдөн 17 үйдүн дубалдарынан майда жарака кетти
Маалыматка караганда, алардын ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Ушул тапта тактоо иштери уланып жатат.
28-мартта (саат 04:42де) Казакстандын аймагында күчү очогунда 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болду.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.
Силкинүүнүн очогу Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк-батышта болду.
Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстанда айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү. (BTo)