Медведев орус жарандыгын "мыйзамсыз" алган мигранттарды паспорттон ажыратууну сунуштады
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев мыйзамсыз жолдор менен өлкөдө легалдашкан мигранттар аларга документтерди берген аткаминерлер менен бирдей жоопкерчилик тартууга тийиш.
-Мындай чет өлкөлүктөргө берилген уруксат кагаздарын жана башка расмий документтерди жокко чыгаруу керек.Ошондой эле алардын өлкөдөн чыгаруу керек. Жалпысынан, эгерде жарандык мыйзам бузуу менен алынган болсо, аларды андан ажыратуу мүмкүнчүлүгү да каралышы керек.-деди Медведев.
Ал кошумчалагандай, Орусиянын укук коргоо органдары мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөттү. Маселен, өткөн жылы прокуратура мигранттар легалдашып жаткан учурда 30 миңге жакын мыйзам бузуу фактылары болгонун аныктаган.
Медведев бийлик чет өлкөлүктөрдү каттоодон өткөрүү, убактылуу жашоого жана иштөөгө уруксат берүү, ошондой эле тил билүү боюнча экзамен алуу сыяктуу бардык баскычтарда мыйзам бузууга жол бербеши керек экенин баса белгиледи.
Быйыл январдан тартып Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер кирди. Ага ылайык, тийиштүү уруксат документи жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албайт. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн мурдагыдай өлкөдөн чыгып-кирүү практикасы да эми жараксыз. Мыйзам бузган мигранттарды сот чечимин күтпөй туруп депортациялоо укугу полиция кызматкерлерине берилди.
Жыл башынан бери эле мигранттарды текшерүү, тиешелүү документи жок же жасалма деп табылгандарын камоо күч алганы кабарланып келет.