Кыргызстанда тарп жеген куштардын саны азаюуда
Кыргызстанда жаратылыштын санитары аталган канаттуулар азайып баратат.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери Сейитказы Сагынбаев билдирди.
"Бизде тарп жеген куштардын беш түрү бар. Алардын ичинен жутчу дегени гана келгин. Акыркы кезде малдын өлүгү талаага ташталбай калды. Карышкыр, чөөнү кармайбыз деп тарпка уу таштап, аны жеген жору-кузгундар кошо өлгөн учурлар болгон", - деди Сагынбаев.
Илимпоз тарп жеген куштар үчүн мурдагыдай тоо баштарына тарп ташталбай калганын айтууда. Жолбун иттер көбөйгөндөн бери жору, кузгундарга жем артпай жатканын да кошумчалады.
Сагынбаевдин белгилешинче, өлкөдө мындан тышкары бүркүт, ак куу, чабалекей, карлыгач ж.б. канаттуулар да жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Орнитологдор куштардын болуп баратышына токойлордун кыйылышы, саздардын кургашы, аңчылык, суунун жана топурактын булганышы, урбанизация өңдүү бир катар себептер түрткү болуп жатканын айтышат. Абанын температурасынын көтөрүлүшү жана суу ресурстарынын азайышы да таасир этүүдө.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда куштардын 400дөй түрү байырлайт. Анын ичинен 57си кызыл китепке кирген. Кызыл китептин акыркы редакциясы 2007-жылы чыккан.
Дүйнө жүзүндө 1-апрель канаттуулардын эл аралык күнү катары белгиленет. (ST)