Хакасияда бороондун кесепетинен 32 адам жабыр тартты
Хакасияда бороондон 32 адам жабыр тартканын аймактын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жабыркагандар арасында бир бала бар. Алты адам ооруканага жаткырылып, бирөө оор абалда жатат. Хакасиянын саламаттык сактоо мекемелери жогорку даярдыкта иштеп жатканы кабарланды.
5-апрелде аймактын башчысы Валентин Коновалов Абаканда төрт киши жабыркаганын билдирди. Катуу шамалдын айынан токойдо өрт чыгып, республикага тездик менен жайылган. Айрым муниципалиттерде электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Аймакта өзгөчө кырдаал режими кирген.
Иркутск облусунда бороондон кийин жети адам жардам сурап кайрылганын, арасында бир бала барын губернатор Игорь Кобзев билдирди. Анын айтымында, бороон күчөткөн өрттүн айынан 17 турак жай күйүп кеткен.