Садык Шер-Нияз трак айдаган кыргызстандыктар Францияда маңзат менен кармалганын билдирди
"Кыргызстандан Европага барып иштеген айдоочуларга байланыштуу Францияда маңзат ташуу боюнча эки маселе болду. Негизги булак Литва болуп жатат. Ошол жерде кандайдыр бир туруктуу криминалдык уюмдар пайда болгон. Биз бул боюнча ачык жарыя кылып айта алган жокпуз. Бул жерде айтып жаткан себебибиз - ошондой иштерге бөгөт коюшубуз керек. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керек. Ошол биздин азаматтар акчага алданып, литвалык компанияларга иштеп, маңзат ташып кармалып, сотто аябагандай оор жаза алууда. Өзүңөр билгендей биздин чамабыз да чектелүү. Элчиликтин болгону үч кызматкери бар",-деди элчи.
Ал маңзат менен кармалган кыргызстандыктар тууралуу мындан башка кеңири комментарий берген жок.
Элчинин маалыматына караганда, Францияда болжол менен ушул тушта 2,5 миңдей кыргызстандык жаран жүрөт жана алардын теңи Советтер Союзу урагандан кийин эле барып отурукташып, француз паспортун алган.