Эки жолу камалган экс чиновниктин Нарындагы жол курулушуна кандай тиешеси бар?
Өткөн аптада Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барууга мажбур болду.
Тоо арасындагы чакан шаардын тургундары негизги эки жолдун убагында салынып бүтпөй, курулушу аябай жай жүрүп жатканына нааразы.